Чек арадагы абал менен таанышып, айрым талаштуу маселелерди тактоону көздөгөн бул топ аталган аймакка кечээ барган. Жогорку Кеңештин депутаттары сапардын алгачкы күнүндө Карьер, Көксай деген жерлерде болду. Алар бүгүн да чек арадагы бир катар аймактарды кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрмөкчү. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган топтун курамында жүргөн депутат Мурат Жураев билдирди. Бир катар талаштуу маселелерден улам Жогорку Кеңеш кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы боюнча келишимди ратифакциялоону улам артка жылдырып келүүдө.(SM)