Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

МУГАЛИМДЕРГЕ КОШУМЧА ТӨЛӨМДӨР ҮЧ ЖЫЛДА БЕРИЛЕТ


Мугалимдердин эмгек стажысы үчүн берилген кошумча төлөмдөр бир канча жылдан бери берилбей келгендиктен, көптөгөн мугалимдер нааразы болуп, Каржы министрлигин сотко бергенге чейин барышкан. Ошол маселе чечилип калганын айтышкан өкмөттүн тиешелүү органдарынын өкүлдөрү, бүгүн Жогорку Кеңеште мамлекеттин мугалимдерге болгон карызы 3 жыл аралыгында төлөнө турганын жарыялашты. Ошентсе да айрым мугалимдер, инфляция асмандап турган чакта кошумча төлөмдөр берилсе деле бүгүнкү айлык-акы эч нерсеге жетпесин айтышууда.

Мамлекет бир канча жылдан бери мугалимдерге эмгек стажы үчүн берилчү кошумча төлөмдөрдү бербей келгендиктен, топтолгон карыз бүгүнкү күнү 2 миллиард 400 миллион сомго жеткен. Көптөгөн мугалимдердин нааразычылыгын жараткан бул маселени жөнгө салуу иретинде өкмөттүн токтому чыгып, тиешелүү мамлекеттик мекемелер 2010-жылга чейин карызды төлөп берүүгө милдеттендирилди. Маселен, быйылкы жылы 2003-жылдан калган 200 миллион сом төлөнмөкчү. Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитетинин төрага орун басары Галина Куликова ал карыздардын кандайча төлөнө турганын мындайча түшүндүрдү:

- Билим берүү мекемелери Билим берүү министрлигине кошумча төлөм алчу бардык мугалимдер тууралуу маалымат беришет. Ал документтер Каржы министрлигине жөнөтүлүп, алар карап чыккандан кийин мугалимдин атына банктан эсеп ачылат. Ал банк мугалимге качан, канча акча ала турганы тууралуу маалымат баракчасын жөнөтөт.

Билим берүү министрлигинин финансы башкармалыгынын жетекчиси Салмоор Асановдун айтымында, казынада каражат тартыштыгына карабай 2003-жылдан бери топтолуп калган бул карыздарды төлөгөнгө мамлекеттин күчү жетет:

- Үч жылдын ичинде бул маселе чечилет деген ойдобуз. Мына январдын башында иш тобу түзүлүп, биз беш ичинде төлөп берели дегенбиз адегенде. Бирок өкмөт ага макул болбой үч жылга түшүрдү.

Билим берүү жаатындагы адистердин айтымында, кеңири масштабдуу реформаларды жүргүзмөйүн билим берүү тармагында да көйгөйлөр чечилбейт. Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу институтунун алдындагы Инновациялык билим берүү борборунун башчысы Асылбек Жоодонбековдун пикиринде, тармакка абдан олуттуу көңүл бурулбаса кошумча төлөмдөр сыяктуу маселелер арзыбаган нерсега айланып, эртеңки күнү кеч болуп калышы ыктымал.

Ал эми кыйла жыл мугалим болуп жүрүп, кийин кесибин алмаштырууга мажбур болгон Айым Ногойбаева, бул тууралуу мындай дейт:

- Мугалимдердин айлыгы аябай аз. Тажрыйба үчүн кошумча төлөнчү акыны деле өкмөт төрт-беш жылдан бери төлөбөй келген. Ошону төлөп берип турган күндө деле алардын айлыгы аз. Аз болгону үчүн окуу жайды жаңы бүткөн жаштардын эч кимиси мектепте иштегиси келбей атат. Көпчүлүгү кетип калып атышат. Мисалы, коңшу Казакстандын мугалимдери биздикинен төр-беш эсе чоң айлык алышат. Суунун аркы өйүзүнө өтүп эле ошол жакка барып иштеп келип аткан мугалимдер толтура. Эгер мугалимдердин өзүнүн түйшүгүнө жараша акча төлөнө турган болсо, кошумча акчадан тышкары айлык акыны бир канча эсе көтөрүп берсе биз ыраазы болот элек.
XS
SM
MD
LG