Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

БИШКЕКТЕ “ДИКТАТУРАНЫ КОЛДОЙБУЗ” АТТУУ АКЦИЯ ӨТТҮ (Сүрөт баян)


Бүгүн укук коргоочу Максим Кулешов --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/03/78218FF3-5526-4F4D-9085-034963E92FA7.asp Бишкектин Алатоо аянтында жана өкмөт үйүнүн алдында “Эркиндик үчүн баруудан коркпо!” деп аталган акциялар сериясын улантты. Ар дайым демократия коркунучта турганын жарыя салган акцияларды өткөргөн укук коргоочу бул жолку акциясын “Диктатураны колдойбуз!” деп атады.







Максим Кулешовдун айтымында, эми Өкмөт үйүнүн сыртынан зымтор менен тосуу үчүн каражат чогултулат. Муну укук коргоочу демократиянын желаргысын Акүйгө киргизбөө аракети менен түшүндүрдү.







Ар дайым акциянын башында кармалып кетчү Максим Кулешовго бул жолу милиция тийген жок. Мунун себебин ал акциянын темасы менен байланыштырып, бийлик башындагылар Акүйдө жалгыз калганын, аларды демократиядан коргош үчүн бир аз колдоо көрсөтүп коюу керектигин айтты.





Бир катар укук коргоочулар өлкөдөгү адам укуктары, демократия чындап эле чоң тоскоолдуктарга кириптер болгонун айтышып, бийликти ашкерелеген Максим Кулешовдун акциясын жылуу кабыл алышууда.

XS
SM
MD
LG