Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:44

17:25 Сайлык айыл өкмөтүнүн башчысы туура эмес шайланды деп нааразылангандар элдик курултай өткөрдү


Кезексиз өткөрүлгөн элдик курултайда мурдагы айыл өкмөтү Мелис Төлөгөновдун иштен алынышы жана жаңы кызматка сунушталган Таалай Осмоналиевди айылдык кеңеш мыйзамсыз жолдор менен шайлаганы туурасында сөз болду. «Алгылыктуу иштерди аткарган мурдагы айыл башчысы ишин улантсын жана мыйзамсыз иштерди жасап жаткан айылдык кеңештин депутаттары кызматтан кетсин»,- деген талапты койгон жергиликтүү тургундар менен аким Жумабек Шопоков жолукту. Ал эми көпчүлүк тургундар жаңы көрсөтүлгөн айыл өкмөтү жергиликтүү бийлик алып келген адам, ага биз макул эмеспиз дешти. Бирок аким мындан мурун да бир нече ирээт нааразылыкка чыккан элдин талабына толук көнбөсө дагы кайрадан айылдык кеңешти шайлап, анан айыл өкмөтүн дайындоону убада кылды. (JJ)

XS
SM
MD
LG