Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

ДЫЙКАНДАР ӨКМӨТТҮН КОЛДООСУНА МУКТАЖ


20-мартта Жогорку Кеңеште өкмөттүк саат болуп, анда жазгы талаа --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/03/FCB867B4-3263-4F01-AF92-3A568E8AEA5B.asp жумуштарынын жүрүшү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселеси каралды. Депутаттарга бул маселелер боюнча биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев баш болгон тийиштүү министрлер жооп берди. Депутаттар Айыл чарба министрлигин тезинен реформалоону сунуштап, «Айыл банкын» менчиктештирүүгө негизинен каршы болушту.

Искендербек Айдаралиевдин айтымында, быйыл дан эгиндери 644 миң гектарга, кант кызылчасы 9 миң , пахта 37 миң, тамеки 6 миң, май өсүмдүктөрү 73 миң, жашылча 42 миң, картошка 86 миң гектарга айдалат. Анын ичинде бүгүнкү күнгө карай Ош, Баткен облустарында 1 миң гектарга картошка айдалып коюлду. Ал эми түндүк региондордо 10-апрелден жазгы талаа жумуштары башталат. Быйыл жазгы талаа жумуштарына өкмөт тарабынан бөлүнгөн каражаттар тууралуу Айдаралиев буларды атады:

-Дан эгиндеринин үрөнүн сатып алуу үчүн 20 миллион сом, минералдык жер семирткичтер үчүн 30 миллион сом, айыл чарба техникаларын сатып алууга 200 миллион сом, «Айыл банкы» аркылуу 100 миллион сом насыя бөлүнгөн.

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Арстанбек Ногоевдин айтымында, быйыл 400 миң гектарга эгиле турган буудайдан 800 миң тонна түшүм алыш керек. Ал эми азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн 1 миллион тонна буудай керек. Буудайдын жетпеген бөлүгү жыл сайын Казакстандан сатылып келинет. Маселен, өткөн жылы 420 миң тонна, ага чейинки жылдары 300 миң тоннадан ашуун буудай жыл сайын сатылып келип турган.

Депутаттар талкууда региондордо кайра иштетүүчү чакан ишканаларды, жер семирткич заводун куруу маселесин көтөрүштү. Өкмөт мүчөлөрү буга каражаттын жоктугун айтуу менен жооп берди. Депутат Руслан Шаботоев акыркы кезде нандын кымбаттап жатышын өкмөт кандай токтотот деген суроону койду:

-Азыр мына байкасаңар 6 сом турган нан 10 сом болуп кетти. 10 сом турган 12 сом болуп кетти. 7-8 сом турган навай нандар 15 сомго чыгып кетти. Баа дагы көтөрүлөбү.

Ага биринчи вице премьер-министрдин жообу мындай болду:

-Эми азыр биздин мамлекеттик материалдык резервде 67 миң тонна буудай бар. Бирок аны менен базар баасын кармап калабыз деш туура эмес. Муну баарыбыз түшүнүп турабыз.

Өкмөт мындай шартта кедей-кембагалдарга даректүү жардам берүүгө аракеттенип жатканын, ал эми данга баа дүйнөлүк базарда тынымсыз көтөрүлүп жатканын Айдаралиев белгилей кетти.

Бүгүнкү талкууда депутаттар көтөргөн дагы бир маселе бул «Айыл банкын» менчиктештирүүгө байланыштуу болду. Өкмөт аны быйыл менчиктештирүүнү программага киргизген. Бирок парламенттин комитети аны күзгө калтырды. Көпчүлүк депутаттар «Айыл банкын» менчиктештирүүгө каршы чыгып, муну менен мамлекет айыл чарбасына жардам берүүчү бирден-бир рычагынан ажырайт деген пикирде болушту.

«Айыл банктын» башчысы Токтоболот Малабаев өкмөт каржылык жардам көрсөтсө, банктын мамлекеттин колунда калуусу максатка ылайыктуу экенин билдирди:

-Эгерде өкмөт, бүгүнкү күндө элдин 65% ашууну айылда жашайт деп, «Айыл банкына» жардам бериш керек деп, бизге кошумча каражат бөлүп, анын мөөнөтүн узартып, пайызын төмөндөтүп берсе, анда «Айыл банкын» менчиктештирүүнүн эмне кереги бар? Эгерде мындай шарт түзүлсө банктын өзүн-өзү өстүрүп, каржылоого жана элге төмөнкү пайызда насыя берүүгө мүмкүнчүлүгү болот.

Талкуу соңунда Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды. Анда айыл чарбасына мамлекеттик жардам көрсөтүү каралган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG