Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:24

КЕРЕМЕТ ҮКӨК: МАЙРАМДЫК МАДАНИЙ ИШ-ЧАРАЛАР


Бишкекте Нооруз майрамы борбордук аянтта белгиленип, түз эфир аркылуу жалпы журтка көрсөтүлөт. Салтанат театралдаштырылган оюн-зооктор менен коштолот.

Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Улуттук маданият борборунун жетекчиси Рыскул Боронбаев иш-чарага өлкөдөгү театр артистери, эстрада ырчылары жана бий топтору катышат деп билдирди:

-700дөй көркөм өнөр адамдары катышкан чоң иш-чара жасап атабыз. Бул программа бүтөөрү менен биздин чыгармачыл жамаатардын күчү менен чоң концерт уюштурулат.

Ал эми эски аянтта кол күрөш, аркан тартмай, ордо жана башка ушул сыяктуу улуттук оюндар уюштурулат. Маданий оюн-зооктор түшкү саат үчкө чейин созулуп, кечкисин борбордогу маданият үйлөрүндө концерттер уюштурулат. Рыскул Боронбаевдын айтуусунда, улуттук опера жана балет театрында Ирандан келген артистер менен кыргыз ырчыларынын биргелешкен кечеси болот:

-Ирандан 30 артист чакырылган. Алар да ушул аянтта өтчү концертке катышат. Андан соң саат кечки беште Улуттук опера жана балет театрында биздин фольклордук топтор менен чогуу бир жарым сааттык концерт беришет.

Улуттук филармониянын чыгармачыл жамааты менен кыргыз эстрада ырчыларынын катышуусундагы чоң программадагы концерт 21-22-мартта өтөөрү күтүлүүдө. Бул кече эки бөлүктөн туруп алгач ырчылар фольклордук чыгармалардан, экинчи бөлүгүндө эстрада жаатындагы ырлардан тартуулашат. Кеченин көрөрмандары фонограмма менен эмес, ырчылардын тирүү үн менен ырдаганына күбө болушат.

Кеченин алып баруучусу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бермет Байкелова билдиргендей мындай программадагы концертти буга чейин да уюштурушкан, бирок жогорку деңгээлде өткөн эмес:

-Мен бул концерттин деңгээли жогору болот деп ойлойм. Себеби биринчиден, азыркы чыгып жаткан атактуу жаш эстрада ырчылардын көпчүлүгү катышат. Филармониядан болгону 5 ырчы болсок алардан абдан көп. Мына ошол эстрада ырчылары “Ак марал” тобунун “Миң кыял” оркестри жана “Камбаркан” фольклордук этнографиялык оркестринин коштоосунда фольклордук чыгармаларды ырдашса, ал эми биз классикалык ырчылар эстрадалык ырлардан аткарабыз.



Ал эми кыргыз циркинин өнөрпоздору “Салам маскарапоз” аттуу оюн-зоок тартуулаганы турушат. Цирк күйөрмандары бул кечеде түрдүү жанрдагы оюндарга күбө болушат, деп кабарлады Кыргыз циркинин маалымат катчысы Нуржан Аликова:

-Акробаттар, жонглерлор, маскарапоздор бар. Программаны “Цирк эстрада шоусу” деп жарыялап жатабыз, анткени жалаң эл цирк эмес, элге кызыктуурак болуш үчүн эстрадалык номерлерди да кошуп жатабыз.

Бул концерт менен катар кыргыз циркинде куудулдардын биргелешкен күлкү кечеси, Улуттук драма театрында ырчы Гүлнара Кахарованын жеке концерти өтөөрү күтүлүүдө. Нооруз майрамына арналган маданий иш-чаралар өлкөнүн баардык аймактарында белгиленип, оюн-зооктор менен коштолмокчу.
XS
SM
MD
LG