Чеченстанда соңку куралдуу кагылышта каза тапкан тогуз адамдын бешөө коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү, үчөө согушкер жана бирөө жергиликтүү тургун. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттар билдирди. Уруш кечээ кечке жуук Чеченстанда Урус-Мартан районунун аймагындагы токойдо коопсуздук күчтөрү 15тей согушкерге туш келген соң башталган. Ал эми Чеченстанга коңшу Ингушетияда жолго коюлган бомбанын жарылуусунан орусиялык эки жоокер жаракат алды.