Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

11:00 Эртең Москва районунда элдик курултай өтөт


Бул туурасында «Болуш» ассоциациясынын жетекчиси Сапар Аргынбаев «Азаттыкка» кабарлады. Элдик курултайда 2005- жылдын 24- март күнү болгон саясий окуялар, алардын сабактары жана кесепеттери туурасында кеңири талкуу жүрөт. Курултайдын соңунда мындан аркы бейөкмөт уюмдардын аракеттери пландаштырылат. Бирок жергиликтүү бийлик курултай өткөрүүгө имарат маселесин чечип бербей, курултайдын эли ачык асман алдында жыйын өткөрүүсү күтүлүүдө. Ал эми Москва районунун акими Даукен Ариновго кайрылганыбызда жыйын өткөрүүгө тоскоолдук жок экенин жана имарат маселеси Беловодск айыл өкмөтүнө тапшырылганын белгиледи. «Болуш» ассоциациясынын жетекчиси Сапар Аргынбаев болсо жергиликтүү бийлик кино театрдын имаратын берүүдөн баш тартып, бири- бирине шылтап жатат билдирди. (JJ)

XS
SM
MD
LG