Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ Н.НАЗАРБАЕВГЕ ҮЧ БҮГҮЛҮП ЖҮГҮНҮП, ТӨРТ БҮГҮЛҮП КУЛДУК УРУП ЖАТАБЫ?


“Жаңы ордо” гезити окурмандарын 1-бетине “Кош майрам-Нооруз жана элдик революция күнүңүздөр!” менен деп куттуктаса, Нооруз майрамы менен окурмандарын куттуктаган “Аалам” гезити “24-март 2005-жыл, 24-март 2008-жыл. Эмне өзгөрдү?” деген баш тема менен жарык көрдү. “Новый Кыргызстан” гезитинин баш темасы “Азык-түлүктөрдүн баасы эки эсеге кымбаттайт” деп аталса, “Агым” гезити “Айдан аман, жылдан эсен бололу” деди.

Ошентип гезиттердин өзөктүү макалалары ыңкылап менен жер маселесине арналган. Маселен “Жаңы ордо” гезити “Ысык-Көл баурдастардын анклавына айланабы?” деген ат менен Жогорку Кеңештин вице-спикери Кубанычбек Исабековго кайрылган көлдүктөрдүн катын жарыялады.

"Кечээ, 2005-жылдын 24-мартында бийликке жеткен жетекчилер кыргыздын жапан революциясына кыжыры кайнаган Назарбаевге байма-бай каттап, бата сурап турду. Ачуусун жандыруу үчүн Кант цемент-шыйпыр заводун карматты, “Бителди” будамайлап жок кылды. Эми Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты үн-сөзсүз берүүгө үстөккө-босток убада кылууда",- деп белгилеген журналист Алым Токтомушев “Агым” гезитинде. "Эсеби-маселең, Байкоңур косомдромун бүт Советтер Союзу курган. Россия анын аренда акысына жылына 130 миллион доллар төлөйт. А биз эмне үчүн ошондой эле келишимди аткарууда улут кызыкчылыгын унутуп Казакстандын этегинде калганбыз? Тилекке каршы, жаңы бийлик Акаев чапкан жолдон карыш да аттайлек. Кыргыздын эл башчылары Казакстан жетекчилигине үч бүгүлүп жүгүнүп, төрт бүгүлүп кулдук уруп тургандан ашалбай койду. Ал жаатынан азыркы бийлик Акаев режиминен да ат чабым ашып кетти. Мурдагы өкмөт башчы болуп турган Алмаз Атамбаев бир ирет казактар менен кандаш-жандаш бир элбиз, 4 пансионатты берип койсок өлөт белек маанисинде кырданган. Депутат Салымбеков айтып атпайбы, Ысык-Көлдөгү 125 пансионаттын 60ы казакка таандык деп. Андан башка дагы Назарбаевдин дачасы жатат Ысык-Атанын жарымын ээлеп деп жазды макаласынын 1-бөлүгүндө.

Гезит мындан тышкары саясат иликтөөчү Нур Омаровдун айтканына таянып, Германияда дарыланууда жүргөн К.Бакиевге чынында эле олуттуу операция жасалганын, андан биротоло айыгыш үчүн кеминде бир-эки жума керектигин, ошондой эле мындай дарыланууларды айрым мамлекет башчылары, мисалы И.Каримов өз атаандаштарынын жана көралбастарынын ой-мүдөөсүн билиш үчүн пайдаланаарын маалымдады. Ошондой эле бул санга ЖК спикери А.Мадумаров менен ЖК депутаты Б.Бешимовдун интервьюлары жарык көрдү. Адахан Мадумаров көкүрөк каккандардын көбү революциянын автору болуп жүрүшкөнүн, бирок анын чыныгы автору эл экендигин айтса, Бакыт Бешимов:” 24-марттын башында турган адамдар тарыхый миссиясын аткарган жок, режим өзгөргөн жок, ал тескерисинче мурдагыдан да катуулады. Эркиндиктер чектелип, коррупциялашкан мафия сакталып калды. Революциянын 1-этабы 90-жылдары болгон, анда коммунисттик жолдон демократияга түшүү аракети жасалган. Экинчиси 2005-жылы болгон. Эми үчүнчүсү сөзсүз болот. Мында эл максатына жетет же кагылышуу менен бүтөт. Азыркыдай убакыт көпкө созулбайт. Бүгүн бийликте олтургандар кызматына жармашып пайда көргөндөр, учурдан пайдаланып байып аткандар. Мисалы ошол кезде Жалал-Абад банкынан уурдалган 23 миллион сом кайда?” деп айтты.

“Аалам” гезити гезит баяндамачысы Үсөн Касыбековдун “Такыба министр” аттуу макаласын басты. Автор макаласынын аягында: “Конституция боюнча Марат Кайыпов юстиция министри. Адилет министри эмес. “Адилет” министрлиги деген сөз “юстиция” министрлигинин кыргызча өзүм билемдикке салган эркин котормосу. Демек “Адилет” министрлиги же адилет министри тарабынан жасалган билдирүүлөрү мыйзамсыз. Анын ичинде коомдук парламент, элдик сот мыйзамсыз деген билдирүүлөрү да мыйзамсыз болуп чыгат” деп жазды.

Эки жарым айдын ичинде Кыргызстанда инфляция 20 пайызга чейин жетти. Бул эсепти КМШнын мамлекеттер аралык статистика комитети мисалга тартты. Ушул эле уюмдун адистери КМШ өлкөлөрүнүн ичинен керектөө бааларынын кымбатташы боюнча Кыргызстан 1-орунга чыкканын да маалымдады деп баяндаган “Новый Кыргызстан” гезити өткөн жылы өлкөдө кубаттуу бир дагы ишкана курулган жок, атка минерлер болсо аттарына минип алып Кыргызстанда жашоо жакшы деп кыйкырып турушат. Албетте алар менен талашуу кыйын. Кыргызстанда кимдин жашоосу жакшы, кимдики жаман экенин эл эң сонун билет. Буга дейре өлкөдө минималдуу керектөө корзинасы 3 миң сомдун тегерегинде болсо, баалардын кымбатташы менен бул сумма эки эсеге көтөрүлдү. Ошентип дагы жарым миллион кыргызстандыкы жакыр жашагандардын катарына алып барып кошту. Бишкек экономикалык анализдөө борборунун изилдөөсү көрсөткөндөй 2007-жылы жакырчылыктын деңгээли ар бир адамга 920 сомдон туура келген. Өлкөдөгү 5 миллион 228 миң калктын өзгөчө жакыр бөлүгүнүн саны 2 миллион 562 миң адамга жеткен. Бул деген жалпы калктын 49 пайызын түзөт, бүгүн базарда өсүмдүк майынын бир литри- 130, бир килограмм капуста-50, бир килограмм картошка-23, бир килограмм шекер-30 сом болду деп сөз кылды.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG