Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

12:15 Кызылкыя цемент заводунун курулушу күзүндө аягына чыгат


2009-жылдын жаз айларынан тартып цемент чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Баткен облусунун губернатору Марат Жумабеков маалымат жыйынында билдирди. Губернатор ошондой эле Айгүлташ-Самат электр линиясын монтаждоо иштери, Тажикстандын Чорку жана Ворух анклавдарын айланып өтүүчү жолдун курулушу жана облустун элин таза суу менен камсыздоо иштери кызуу жүрүп жаткандыгын маалымдады. Анын айтуусунда Баткен аймагында Кыргызстандын маалымат каражаттарынын үстөмдүгүн күчөтүүгө да аракеттер көрүлүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG