Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:03

ОШТО КӨКТӨМ МАЙРАМЫ


Кыргызстандын түштүк башкалаасында Нооруз майрамы жылдагыдай эле белгиленип, шаң-шөөкөттөр коштоду. Облус, шаар тургундарын губернатор жана мэр 24-Март Ыңкылап майрамы менен кошо куттуктады. Бирок ошол тарыхый окуянын каармандарынын бирин да ысымын аташкан жок. Ыңкылапчылардын айрымдары андан бери эч нерсе өзгөрбөдү дешсе, кээ бирлери жылыштар бар деген пикирде.

Ошто Нооруз салтанаты жергиликтүү бийлик башчыларынын куттуктоосу менен башталды. Ош шаар мэри Жумадыл Исаков мындан 3 жыл илгери ыңкылап жеңип, мамлекет үйбүлөлүк башкаруудан арылганын баса белгилеп, жердештерин достукка, бир туугандыкка, биримдикке үндөдү:

- Урматтуу президентибиз Курманбек Салиевич Бакиев Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктоосунда, 3 жыл мурун элдик революцияда кыргыз эли үйбүлөлүк башкаруудан арылып, мындан ары системалык саясий өзгөрүүлөргө баргандыгын, элдик революцияга Кыргызстандын бардык элдери катышкандыгын өзгөчө белгилеп, акыркы 3 жылда экономикабызда олуттуу жылыштар болгондугун билдирди. Нооруз майрамы күнү баардык кыргызстандыктарды достукка, бир туугандыкка, биримдикке чакырып кетким келет, - деди Жумадыл Исаков.

Ош облус губернатору Аалы Карашев да мекендештерине жылуу тилектерин ыроолоп, 2005-жылдын 24-мартынан баштап саясат жана экономика жаатында чоң бурулуш болгондугун жар салды:

- Март революциясынан башталган жаңы кадамыбыз болуп, кыска мөөнөттө саясий жана экономикалык бурулуштун чоң жолуна түштүк.

Жергиликтүү талдоочулардын баамында, бүгүн сүйлөгөн аткаминерлердин бири дагы мындан 3 жыл мурунку окуянын каармандарын атаган жок. Билгендердин дале эсинде, 2005-жылдын 21-мартында, саат 10:00 чамасында Борбордук аянтта топтолгон 10 миң чакты киши Ош облустук мамлекеттик акимчилигин каза катар тизилип коргогон жоокерлерге адегенде «Жолду бошоткула!» деп кайрылып, анан такыр жооп болбогондо, имаратты басып алып, элдик бийлик орнотушкан.

Ошентип 2005-жылдын 24-мартында Бишкекте Акүй алынгыча, оштуктар Акаевсиз жана Бакиевсиз эле 3 күн жашаган. 24-мартта гана Кыргызстанда бийлик алмашкан. Антсе да, Оштогу ыңкылапты жетектеген лидерлердин бири да азыр бийликте жок. Дүйшөн Чотоновду мансапка жолотпой коюшту. Анвар Артыковду 9 айдан кийин Ош губернаторлугунан жүйөөсүз алып тынышты. Анын биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев кызматынан кыянат пайдаланган, милицияга кол көтөрөгөн деп айыпталып, түрмөдө олтурат, соту али бүтө элек. Абдылда Капаров да Кызылкыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчылыгынан бошотулуп, контрабандага катыштыгы бар деп үстүнөн кылмыш иши козголду.

Өзү 2005-жылдын 24-мартынан кийин эмне өзгөрдү? Кепти оштук ыңкылапчы, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын түштүк аймактык төрагасы Керим Макеев улантат:

- Жөн гана революциянын аты болду, бирок аны "подхалимдер" пайдаланып, баягы эле Акаевдин убагындагы ичип-жеген, ойногон-күлгөндөр дагы эле жүрөт. Революция ишке ашты, бирок талаптар ишке ашкан жок.

Мындай пикирге март окуясынын катышуучусу, учурда Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин сектор башчысы Сайпидин Момунов кошулбайт:

- Жалпы эле облустардын бардык райондорунда социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн бир топ алдыга жылуусу буга далил болуп турат. Андан тышкары кадр маселесиндеги жаңылануулар бир топ эле элдин оюндагыдай болуп атат десем жаңылышпасам керек.
XS
SM
MD
LG