Ушул күндөрү Бишкекте жазгы мода жумалыгы өтүп жатат. “Витлайн” промоушн борбору уюштурган бул иш-чарага отуздан ашуун өндүрүүчү ишканалар, дизайнер-модельерлер катышууда. Мындан тышкары бир нече компаниялар буюмдарын сатыкка коюшту. Орус драма театрында өтүп жаткан жумалыктын ар бир күнүндө атайын номинациялар боюнча кийимдер топтому көрүүчүлөрдүн сынына коюлууда. Мода жумалыгы бүгүн жыйынтыкталып, мыкты деген кийимдер топтомуна сыйлыктар тапшырылат. “Витлайн” промоушн борборунун жетекчиси Виталина Борзенко билдиргендей бул жолу баш байгенин жеңүүчүлөрүнө “Финка” компаниясы тарабынан үстөксүз кредиттер берилмекчи. Ошондой эле “Дүйнө туризм сулуусу” эл аралык сынагында өз коллекцияларын көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк алышат.
Бермет Сарлыкова
Жуманын бейшемби күнү Москва шаарында Орусияда иштеп жана окуп жүргөн кыргыз кыздарынын арасында “Кыргыз периси” сулуулар сынагы өткөрүлдү. Сынкка катышууну каалаган 30 талапкерден 8 кызга финалдык турга жолдомо берилген. Сулуулар конкурсунун жыйынтыгында 19 жаштагы Бермет Сарлыкова “Кыргызстандын москвалык периси” деп табылды. Бул иш-чараны Орусиядагы кыргыз диаспоралары бирдикте өткөрүштү.
Кечээ 21-мартта өлкөдө Нооруз майрамы белгиленди. Ага арналган салтанат борбордук аянтта өтүп, театралдаштырылган оюн-зооктор менен коштолду. Салтанатта Игорь Чудинов баштаган өкмөт мүчөлөрү катышып, кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттукташты. Ал эми эски аянтта кыргыздын улуттук оюндар уюштурулду. Ноорузга арналган салтанат өлкөнун баардык аймактарында белгиленип, маданий иш-чаралар менен коштолду.
Бул жумада Петербургда “Орусиядагы жолугушуу” театралдык фестивалы ачылды. Анда алгач өзбек артистери сахнага чыгышып, “Кожо Насреддиндин алгачкы сүйүүсү” спектаклин тартуулашты. Онунчу ирет өтүп жаткан мааракелик бул иш-чарага Франция, Швеция өлкөлөрүнөн артистер келишти.
Орустардын Василий Андреев атындагы улуттук аспаптар оркестринин түзүлгөндүгүнө 120 жыл толду. Бул мааракеси менен чыгармачыл жамаатты Владимир Путин куттуктап, өзгөчө кайталангыс улуттук колориттеги оркестр экенин белгиледи. Аталган оркестр чыгармачыл жолунда Европанын бир катар өлкөлөрүн кыдырып, концерттерди уюштурган.
Британ кино жана театр актеру Оскар сыйлыгынан лауреаты Пол Скофилд 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал «Баардык мезгилдин адамы» тасмасында образ жаратып, “Оскар” сыйлыгына 1967- жылы эл аралык Москва кинофестивалында эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн атайын байгеге татыктуу болгон. Ал ошондой эле «Гамлет», «Амадея» спектаклдеринде образ жараткан.
Орус ырчысы Дима Билан «Евровидение» сынагынан кийин үйлөнүүнү ниет кылып жаткандыгын «Комсомольская правда» гезитине берген маегинде кабарлады. Анын айтымында, Парижде жашап, иштеп жаткан 18 жаштагы модель Елена Кулецкаяга баш кошот. Ырчы Елена айым менен Париждеги аэропорттон таанышкан.
Айжан Шаботоева, Бишкек