Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:29

УСАМА БЕН ЛАДЕН РИМ ПАПАСЫНА САЛАМ ЖОЛДОДУ


Бейшембиде Ватикан Усама Бен Ладендин үн тасмасы аркылуу “Рим Папасы Бенедикт XVI крестүүлөрдүн жаңы жортуулун баштады”, деген айыптоосун четке какты. Рим Папасынын башкы өкүлү Федерико Ломбарди Бен Ладендин айткандарын суу кечпеген сөз, ага ишенүүгө кылдай дагы негиз жок деди. Ошол эле маалда Италиянын күч органдары башкы террорчу деп айыпталып келген адамдын билдирүүсүнө катуу кызыга баштады.

Бен Ладендин үнү делген аудиотасма өткөн аптанын түнүндө интернет аркылуу таратылып, ал Европанын интеллектуалдарына багытталган.

Анда Рим Папасынан тышкары дагы башка маселелер тууралуу айтылганы менен Пасхага аралаш Папанын аты аталганы диний маселени алдыга жайды. Кийинки айда 81 жашка чыгып жаткан Рим Папасы соңку аптада бир канча жерге барып таат өткөргөнү турат.

Аудиотасмадагы үн биз силерге угуп-көрбөгөндөй жооп жасайбыз, эгер биздин Кудайды жеңүүчү кылгыдай андай иш жасабасак энелерибиз алдында уятка калабыз, дейт.

Рим Папасынын өкүлү Ломбарди Бен Ладендин айыптоосун четке кагып, болгону Ватикандын башчысы бир нече жолу мультфильмдерди сындап, ар кандай диндер урматтоого татыктуу экенин айтканын белгиледи.

Буга чейин дагы "ал-Каида" Рим Папасын кароолго алган бир нече билдирүүлөрдү жасаган болчу. Анткени мындан 2 жыл мурда Бенедикт XVI бир кездери өзү окуган Регенсбург университетинде сүйлөп, орто кылымдагы Византия императору Мануэл Экинин ислам дини орой жана каардуу, деген сөзүн пайдаланган болчу:

- Мухаммед жаңы эмне алып келгенин айтсаңар, жалаң жамандык менен ырайымсыздыкты алып келген. Ал өзү насаат кылган динди таратуу үчүн кылыч колдонууга буйрук берген.

Албетте мусулмандар анын сөзүн кордоо, акаарат катары кабыл алышкан болчу. Көп өтпөй эле өзүнө карата жааган сындардан кийин Рим папасы кечирим суроого аргасыз болгон жана ал сөз өзүнө таандык эмес экенин айтып абалды жумшартууга аракет жасаган эле.

Рим Папасы жакында Британ премьер-министри Гордон Браун менен жолугушканда дагы адамзатты өз ара түшүнүшүүгө жана диалогго чакырды:

- Зомбулук эч бир маселени чечпейт, ал тескерисинче аны ырбатат. Мен сиздерден мага тилектеш болууну суранат элем. Келгиле биз жарыктын жолу, күчтүүлөрдүн күчтүүсү болгон Кудайдан ымала менен көтөрүмдүүлүктүн жолун тандап алыш үчүн баарыбыздын акылыбызды тазарт деп суранабыз.

Аудиотасманы Ватикан коркутуу катары кабыл албагандай түр көрсөткөнү менен коопсуздукту камсыз кылган Италия күч органдары сактык чараларына катуу көңүл бура башташты. Бул тууралуу Итялиянын маалымат агенттиги кабар таратты

Бул өлкөнүн ички иштер министрлигинин жооптуу өкүлдөрү маалыматты комментарийлөөдөн баш тартып жатат. Маалыматта Италиянын антитеррордук ишти жетектеген чиновниктери атайын чогулушуп аудиотасманы талкуулап атканы айтылат. Ватикан өзүнчө мамлекет ичиндеги мамлекет саналганы менен Рим Папасынын коопсуздугун сактоо милдети баарыбир Италиянын күч органдарынын колунда.

Соңку 2,5 жыл аралыгында Рим Папасы христиандар менен мусулмандар ортосундагы мамилени чыңдоого көңүл буруп келатат. Ушул айда Рим чиркөөсүнүн өкүлдөрү менен мусулмандар жолугушуп, ушул жылдын аягындагы кездешүүнүн планын талкуулашты.

Ал аралыкта АКШнын президенти Жорж Буш биздин радиого жакында берген интервьюсунда "ал-Каидага" дагы бир ирет кандуу уюм катары баасын берди:

- Биздин дале болсо "ал-Каида" кантип бейкүнөө туткундардын өмүрүн кыйып, мечиттер менен базарларды жардыруу үчүн жанкечти террорчуларды жөнөтүп жатканына үрөйүбүз учуп келатат.

Ал аралыкта Бенедикт XVI Кошмо Штаттарына 15-20-апрелдер аралыгында барганы турат. АКШнын атайын кызматтары жана Нью-Йорктун полициясы Рим Папасынын коопсуздугун сактоо максатында бир катар иш-чараларды жасоодо.

Кубат Оторбаев, Прага
XS
SM
MD
LG