Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:54

ЧҮЙДӨ ЭЛДИК КУРУЛТАЙ АЧЫК АСМАН АЛДЫНДА ӨТТҮ


Жазгүл Жамангулова, Чүй Чүй облусунун Москва районунда өткөн элдик курултайдын катышуучулары имарат берилбегендиктен улам ачык асман алдында чогулушту. Уюштуруучулардын айтымында, айылдардан келе жаткан курултайдын катышуучуларын жергиликтүү бийлик жана тартип коргоо кызматкерлери жөнөткөн эмес. Ал эми кечээ райондун акими курултайды өткөрүүгө эч кандай тоскоолдук болбой тургандыгын «Азаттыкка» билдирген болчу.

Курултайдын уюштуруучулары бүгүндөн тарта элдерди чогултпастан айыл-айылдарды кыдырып түшүндүрүү иштерин жүргүзө тургандыктарын билдиришти. “Себеби жергиликтүү бийлик ар кандай тоскоолдуктарга барарына көзүбүз жетти”, - деп билдиришти уюштуруучулар.

Бактыгул Асанканов: -Бүгүн бийликке кимди алып келесиңер, Кыргызстанда баш көтөргөн элдик лидер барбы? Биз кимге ишенишибиз керек?

Уран Рыскулов: -Биз эч качан К. Бакиевди кетсин деп айтпайбыз, ал иштей берсин. Дагы бир, эки жыл турсун кыргыздын канын соруп. Ушул жерге чогулгандар аким болууну же айыл өкмөт болууну каалаган жок. Ким бийликке келсе дагы элдин уулу болсун, элге жардам берсин. Келгендердин баары эле элге эмгек кылбай өздөрү жеп алып басып кетип жатышпайбы.

2005-жылдагы март окуяларына активдүү катышкандар бүгүн элдик курултай өткөрүп, үч жыл аралыгындагы саясий окуялардын сабактарын жана кесепеттерин талкууга алышмак. Алдын ала маалым болгондой уюштуруучулар элдик курултайды өткөрүү үчүн жергиликтүү бийликтен кат аркылуу да имарат сурашкан. Буга байланыштуу биз дагы кечээ Москва районунун акими Даукен Ариновго коңгуроо кылганыбызда “курултай өткөрүлө берсин, биз тараптан эч кандай тоскоолдук болбойт”, - деп белгилеген эле:

- Ал Беловодск айыл өкмөтүнө тиешелүү, ошондуктан мен аларга тапшыргам. Өздөрүнчө сүйлөшүп алсын. Мен курултай өткөрүүгө каршы эмесмин.

Бирок бул элдик жыйын экенине карабай, жергиликтүү бийлик муну нааразылык митинги катары баалап, бүгүн имарат берген жок. Бул туурасында курултайдын уюштуруучусу Сапар Аргынбаев:

- Мурун аянтта митинг өткөрүп жатсак клубдун эшигин ачып, тынч жол менен өткөрүүбүздү өтүнчү. Бүгүн тынч өткөрөлү деп имарат сурасак, клубдун эшигин бектип кетип калышты. Деги бүгүнкү бийликке түшүнбөй калдык, булар өздөрүнүн көлөкөсүнөн өздөрү коркушат.

Ал эми Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Сыйданов:

- Москва районунда бир, эки гана адам бар. Ошолор элдин козгоп келе жатат. Мен аларга каршымын. Азыр бизге эмне керек? Тынчтык керек, биргелешип иштөө керек.

Ачык асман алдында чогулган курултайдын катышуучулары кезек, кезеги менен сөз алып сүйлөшпөсө дагы бүгүнкү жүрүп жаткан саясый окуяларга карата өздөрүнүн баасын берип, үч жылдан бери карапайым элдин жашоосу кымбатчылыкка батып, жашоо оорлоп кеткени туурасында пикирлерин ортого салышты. Бөтөнчө жергиликтүү бийликтин иши сынга алынды. Ал эми биз сөз арасы айрым катышуучулар менен сүйлөшүп, 24-Март күнү майрамдайсызбы деп сурадык.

- Менин атым Алла. Учурунда Бишкекке чейин барып, революция жасадык го деп сүйүнгөнбүз. Азыр ал күндү майрамдамак тургай айткандан, эстегенден уялам.

Ал эми буга карата Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Сыйданов телефон аркылуу төмөндөгүдөй жооп берди:

- Парламентте кабыл алынып, майрам күн болуп жаткандан кийин мен да майрамдайм. Бул күнү Чүй облусунун көпчүлүк жеринде маданий жана спорттук иш чаралар өтөт.

Ал эми элдик курултайдын уюштуруучуларынын бири Сапар Аргынбаев:

- Бүгүндөн тарта элдик жыйындарды убактылуу токтотууну туура деп таап, айылдарда өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрүп, мамлекетте болуп жаткан саясий окуялар, мыйзамсыз кадамдар туурасында элге так маалымат берүүнү колго алабыз. Анткени жергиликтүү бийлик элдик жыйындарды өткөрүүгө ар кандай тоскоолдуктарды табаарына көзүбүз жетти, - деди.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү болсо 24-мартты өзгөчө шаң менен өткөрүүнү колго алып, кечээ 21-март Нооруз майрамын белгилеген эмес, бирок райондун айрым тургундары буга нааразылыгын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG