Бул тууралуу “Таза коом” партиясынын тең төрагaсы, Kоомдук парламенттин мүчөсү Табылды Aкеров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жыйында 29-мартта өтөт турган Элдик курултайга даярдыктар талкууланат. Алдын ала маалыматтар боюнча, курултайга өлкө аймагынан эки миңге чукул адам катышаары божолдонууда. “Элдик курултайды өткөрүүдө өзгөчө региондордо бут тосуулар болуп жатат. Айыл өкмөт башчылары жергиликтүү элди чогултуп, курултайга барбагыла деп айтып атышыптыр”, дейт Т. Акеров. 29-мартта өтүүчү Элдик курултайга чейин өлкөнүн жети дубанында жыйындар өткөрүлүп, учурда курултайга делегаттар шайланууда. Курултайды өткөрүү боюнча 3-мартта атайын штаб түзүлүп, анын курамына Коомдук парламенттин, “Акыйкат үчүн” кыймылынын жана он беш саясий партиянын лидерлери киришкен.(MSu)