“Мен ишенбейм” кыймылы менен “Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын 5тей өкүлүн Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери өкмөт үйүнүн алдынан кармап кетти. Алар күндүзгү саат 12де “Ата Мекен” партиясынын штабынан чыгып, Чүй проспектиси менен Манас көчөсүнө чейин жөө жүрүшкө чыгып, президент Бакиев 2005-жылдын 24-мартында берген убадасынын канчасын аткаргандыгы тууралуу элге маалымат берүүнү максат кылышкан эле. Алар аянтта манты жешкенден кийин Бакиев үч жыл мурда берген 10дон ашык убадасынын ичинен экөөнү-саат жебесин кыш, жай убактысына карап өзгөртпөө жана окуучуларга сүт менен балтокоч берүүнү аткарып, конституциялык реформа жасоо, сот системасын өзгөртүү сыяктуу калган олуттуу убадаларын аткарган жок, “Силер айырманы көрдүңөрбү, мен көрдүм, ушундай адамга ишенесиңерби, мен ишенбейм” деп жазылган барактарды элге таратып келатканда кармалышты.(BD)