Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВ: ЫҢКЫЛАП МАКСАТЫНА ЖЕТКЕН ЖОК


2005-жылы парламенттик шайлоого катышып, бирок шайлоонун акыйкатсыздыгынан оппозицияга кошулуп, Аскар Акаевдин бийликтен кетүүсүн талап кылып чыккан, азыр АКШнын Массачусец университетинде окуп жаткан Равшан Жээнбеков “Азаттык” менен март ыңкылабы жөнүндө ой-пикир бөлүштү.

-Равшан мырза, ошол кездеги бийликтин кызматтан кетишин талап кылгандардын бирисиз. Бүгүнкү күндө 24-март ыңкылап болду, төңкөрүш болду деген талаштын ортосунда калып атат. Сиздин пикириңиз?

- Мен кошулам, ошол кездеги элдин аң-сезимин, элдин маанайын көргөн адам катары мен айтат элем, чынында эле революция болгон. Биз аны тана албайбыз.

- Дегеле, 2005-жылы март айындагы бийликке каршы толкундоолор сизди дагы кыйгап өткөн эмес. Биз сиз менен 2005-жылы 15-мартта Жалалабатта Акаевди кызматтан кетирүү максатын көздөп уюштурулган курултайда жолуккан элек. Бирок ошол учурдагы Аскар Акаевди бийликтен кетирүү үчүн күрөшкөн адамдардын көпчүлүгү ыңкылап максатына жеткен жок деп айтып атышат. Сиз кандай ойлойсуз?

- Албетте, революция болгону бул чын, бирок ыңкылап чынында эле максатына жеткен жок. Анткени азыркы күндө ошол убакта 2005-жылдагы элдин койгон талаптары элдин чоң үмүтү албетте акталган жок. Ошон үчүн жыйыныгында биз айтсак болот, революция өзүнүн максатына жете алган жок деп.

- Сизге чейинки берген маектештер айтып кетишти, март ыңкылабы өзүнүн максатына жетти, биринчиден Аскар Акаевди кызматтан кетирдик, экинчиден Конституциялык реформага жетиштик, үчүнчүдөн жалаң партиялык система менен түзүлгөн парламентти шайлап алдык деп. Сиздин оюңузча кандай максаттарына жеткен жок?

- Менин оюмча Аскар Акаевди бийликтен кетирүү, же болбосо конституцияны реформалоо, же болбосо парламентти 100 пайыз партиялык система менен шайлоо бул элдин ошол убактагы койгон үмүтү эмес. Элдин үмүтү башка нерсе. Элдин үмүтү бул экономикалык өнүгүү, адилеттик башкаруу, адилеттүү соттор жана укук коргоо органдары жана ушуга окшогон бир топ социалдык маселелер болуп эсептелет.

-Ошол эле учурда биздин билишибизче Акаевди кызматтан кетирүүгө жасаган ыңкылапчылардын негизги максаты үй-бүлөлүк башкаруу системасын кулатуу, өлкөгө орногон коррупцияны жоготуу болчу. Бирок бүгүнкү күндө булар экөө тескерисинче бекемделди деп айтып атышат?

- Кыргызстандагы элдердин баардыгы эле көрүп атат, азыркы күндө эмне болуп атканын. Ошон үчүн биз саясатчылар ар кандай ойду айта беришибиз мүмкүн, бирок биз элди эч убакта алдай албайбыз. Аркы тарапта дагы, берки тарапта дагы ар кандай ойду айтканыбыз менен, эл бардыгын өзү таразалап чечип алат. Эгерде эл азыркы күндө азыркы бийлигибиздин жасап аткан ишине нааразы болсо, анда ал биздин мамлекетибиздеги негизги көрсөткүч болуп эсептелет.

- Бүгүнкү 24-март күнү Элдик ыңкылап күнү деп расмий жарыяланып атат, АКШдагы кыргыздар кандай кабыл алып атышат бул майрамды?

- Америкадагы кыргыздарды мен көргөн жокмун майрамдап атканын. Ошондуктан Америкада бул күндү революция күнү деп бардыгы эле майрамдап атат дегенден алысмын. Бирок ошол убактагы революцияга катышкан активдүү адамдардын бири катарында, албетте, мен өзүм өз үй-бүлөм менен сөзсүз түрдө бул күндү белгилей турган жөнүм бар.

-Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Замира Кожобаева

XS
SM
MD
LG