Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

А. АТАМБАЕВ ГЕРМАНИЯГА БАРЫП БАКИЕВДИ КӨРҮП КЕЛДИ


“Де-факто” гезити экс-премьер-министр Алмаз Атамбаев менен ушундай темадагы интервьюну жарыялады. А.Атамбаев Германияга барып Бакиевге жолукканын, 21-марттын кечинде Ноорузду чогуу тосконун, ал эми “президент каза болуптур” деген имиштин чыгышы элдин бийликке ишенбей калгандыгынын далили экендигин, күчтүү бийлик деген күчкө эмес, элге таянганда гана күчтүү болорун, демек элдин ишениминен кеткен бийлик өтө опурталдуу жагдайга барып кептелээрин белгилеген Алмаз мырза, Бакиев бутунан проблема болуп дарыланып атканын, 28-мартта кайтып келерин, ал-абалы кадимкидей эле экенин кеп салган. Кабарчынын “Кыргызстанды 2-3 күн имиштер катуу каптады, мындай имиштерди таратуу кимдин кызыкчылыгы үчүн керек деп ойлойсуз? Бул Акүйгө керекпи же оппозициягабы?” деген суроосуна А.Атамбаев: "Кыргызстанда туруктуулукту бузгусу келгендер ушундай ишке барышы ыктымал. Акүйдүн өзүндө да күнөө бар. Башында эле президенттин бутунун муундарында проблема бар, ошону Германиядан дарылатып келет деп ырасмий маалымат берип койгондо эч балээ болмок эмес. Мен президент менен ар дайым ачык сүйлөшөм. Азыр өлкөдө абал жакшы эмес. Светти болсо өчүрүп жатышат. Эл 24-марттан кийин баары жакшы болот деп ойлогон, бирок ошол революцияны, ошол жеңишти башкалар уурдап кетишти. Парламенттик шайлоо абдан туура эмес өттү. Ошол шайлоодогу бурмалоолордон кийин элдин бийликке болгон ишеними абдан азайды. Азыр бийлик да, эл да сабыр кылбаса оюндан от чыгып кетиши мүмкүн",-
деп айтты.

Гезит ошондой эле Нооруз алдында президенттин бир тууган иниси жаныш Бакиев 50 жылдык тоюн “Консул” деп аталган ресторанда берип, ага 500дөн ашуун киши чакырганын, бирок тойго Курманбек Бакиев алыста жүргөндөн уламбы анын уулу Максим чакырылбаганын, Маскөөдөн Газманов баштаган ырчыларды апкелип ырдатканын, үч күндөн кийин өтө турган Элдик курултайга жер-жерлерден келген 2000ге жакын адам катышарын, Он Арча айылынын аксакалынан Нарын губернатору Ө. Субаналиев кантип коркконун, №16 түрмөнүн түрмөчүлөрү Нарындын түрмөсүндө жаткан Азиз Батукаевди кайра бул жакка апкелбесеңер бүтүндөй түрмө козголоңун баштайбыз деп ооздорун тигип, тамырларын кыркып алып, ачкачылыгын улантып олтурушканын маалымдады.

“Агым“ гезити бүгүн чыкпай калды. Анын себебин айрымдар гезиттин бакандай төрт кызматкеринин ишин таштап кеткендиктери менен байланыштырып жатышат. Биз мына ошол “Агым” гезитинен “Аалам” гезитине өтүп, азыр аталган гезиттин башкы редакторунун 1-орунбасары болуп ишин баштаган Кубаныч Зайнидиновго кайрылып, “коомчулук арасында ушу тапта “Агым” “Акүйдү көздөй ага баштады деген сөз тарап жүрөт, силер ушул прнциптен улам кеткен жоксуңарбы?” деп сурадык. Ал ушул прнциптер да себеп болду, анан да гезитте кожоюндар менен кожоюнчулук күчөп кетти, бирок эч кандай уруш-талашсыз, ыйкы-тыйкысыз эле бошоп кеттик деп жооп берди.

Ал мындан тышкары “Ааламдын” жаңы санында КР баш прокурору Элмурза Сатыбалдиевдин Аксы окуясына байланыштуу генерал Садиевге кылмыш иши козголгонун жана ал каргашага байланышкан иштердин аягына чыгарууга ниеттенип атканын билдирген интервьюсу, энерготармакты менчиктештирүүгө байланыштуу маселени баяндаган адистин макаласы басылганына окурмандардын көңүлүн бурду. Гезит баяндамачы Үсөн Касыбеков болсо Кыргызстандагы керектөө корзинасынын үчтөн эки бөлүгүнө чейинкисин же 70 пайызын тамак-аш түзөрүн, ал эми өнүккөн өлкөлөрдө, маселен Германияда ар бир адамдын азык-түлүккө кетирген чыгымы 10 пайыздан ашпасын, демек биздин атка минерлер бирдеме болсо эле дүйнөдө да ушундай кымбатчылык болуп атат деп кыйкырып турганды адатка айландырып алганын, мындан кыргызстандыктардын курсагы тоюп кетпестигин, Кыргызстанда орточо айлык 3345 сомду же 100 долларды түзсө, Орусияда бул көрсөткүч 385 долларды, Казакстанда 312 долларды түзөрүн, ошондуктан кымбатчылык азабын аларга караганда биз көбүрөөк тартарыбызды белгилеп, реалдуу иштин ордуна каржы министри А.Жапаров Кыргызстандын экономикасынын өнүгүү темпин Кытайга теңеп, итке минип калган элдин жакыр абалын, кризистен чыгуунун жолун айтпай ай-асманды кеп кылуу менен алектенгенге өттү. Ал өкмөттүн жапаровчул казенный оптимизми менен азыктанган 1-вице-премьер министр И.Айдаралиев, мамлекеттик матрезервдер агенттигинин деректири П.Рахманов, министр А.Ногоевдин популисттик убадалары, компетентсиздиктери акыры алып барып ачкачылыктын аңына аңтарып тына турган көздөнүп калды деп жазды.

“Аалам” гезити мындан тышкары бүгүнкү санына “Агымдын” төрт кызматкери Асланбек Сартбаев, Кубаныч Зайнидинов, Манас Осмон, Азамат Кыязов “Ааламга” өттү деп жар салды. Биз мына ушул тууралуу жана ошондой эле “Агым” гезитинин чыкпай калуу себебин сурап гезит кызматкери Аскер Сакыбаевага суроо салганыбызда ал, бир гезиттен экинчи бир гезитке иштеп кете берүү журналисттер үчүн көндүм көрүнүш экендигин, мындан трагедия чыгаруунун эч кандай кереги жоктугун, “Агымдан” –“Ааламга” төрт эмес эки эле журналист-Аслан Сартбаев менен Кубаныч Зайнидинов кеткенин, калгандары кадимкидей эле иштеп атышканын, ал эми гезиттин бүгүн жарык көрбөй калган себебин редакция жамааты жакшылап эс алып алып күчтөнүп чыгалы деген бүтүмгө келгенин айтып жооп берди.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG