Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

12:55 И.Исаков: “Орусиянын аскер базалары тууралуу талаш жок, аны маалыматы жок депутаттар козгоду”


Кыргызстандын Коргоо министри Исмаил Исаковдун билдирүүсү боюнча, Орусия Кыргызстандагы аскерий 3жайы үчүн жылына 4,5 миллион доллар төлөйт. Ал эми Ысыккөлдун жээгиндеги аскер деңиз базасын Орусияга берүү тууралуу талаш жок, себеби аны Орусия 15 жылдан бери пайдаланып, ал боюнча келишим жылыга узартылып келет,-деген Исаков маселени маалыматы жок жаңы депутаттар козгогонун белгиледи. Анын айтымында,Орусиянын аскерий жайларынын турганы үчүн аскер адистерин даярдоо мүмкүнчүлүгү бар болчу, азыр алардын саны кыскартылып, колдонулбай калган каражатка аскерий-техникалык жабдуулар алынууда. Натыйжада, Кыргызстан быйыл 2,5 миллион долларлык жабдууга ээ болот. (BD)

XS
SM
MD
LG