Президенттер Хосни Мубарак менен Владимир Путиндин Москвадагы сүйлөшүүсүнөн кийин “Росатом” мамлекеттик ишканасынын башчысы Сергей Кириенко менен Египеттин энергетика министри Ахмед Хасан Юнис келишимге кол койду. Ага ылайык Россия Египеттин Атомдук электр станциясын куруу боюнча тендерине катыша алат.Станциянын курулушу 2 миллиард долларга жакын тураары кабарланууда.