- Кечээки соттун жайынтыгы тууралуу айтып кетсеңиз, кандайча аяктады?
- Административдик кодекстин 392- жана 371-беренеси боюнча айыптап жатышат. Биринчиси, 392-берене - митингди өткөрүүнүн эрежелеринин бузгансыңар деп. Ал эми экинчиси 371-берене - бул укук коргоочу органдардын өкүлдөрүнө баш ийбестик деп.
- Кимдерге айып тагылды?
- Айып алтообузга тагылган толугу менен. Бирок төртөөбүздүкүн эртеңкиге которуптур, ал эми экөө боюнча сот кечээ эле өттү, бул Жаңыбаев Азамат жана биздин Айбек деген жаш жигитибиздин үстүнөн. Жаңыбаев Азаматты 2 миң сом айыпка, ал эми Айбекти миң сом айыпка жыгып атышат. Калган төрт мүчөнүн соту жылдырылды.
- “Мен ишенбейм” кыймылынын уюшулганына бир нече айдын жүзү болду. Бул арада кыймыл ондон ашуун акцияларды уюштурууга жетишти. Силерге тилектеш болуп кошулган жаштар көп болдубу, же тескерисинче кыймылдан чыгып кеткен мүчөлөр болдубу ушул аралыкта?
- Кудайга шүгүр азырынча биздин кыймылдан чыгып кеткен жаштар жок. Тескерисинче, бизге кошулуп жардам берет элек деген жаштар көбөйүп атат. Мисалы, университеттен жаштар келип атат, жакында АУЦАдан да жаштар силерге кошулуп, силер менен иштешсекпи деген ойлорду айтып кетишкен. Ал эми тилекке каршы массалык түрдө жаштардын кошулганы болбой атат. Кээ бири коркуп аткандыр, билбейм ошого бара албай атат.
- “Мен ишенбейм” кыймылынын, же сиздердин “Ата мекен” партиясынын жаштар канатынын көпчүлүк мүчөлөрү биздин билишибизче студенттер болуп эсептелишет. Алар сиздер менен сүйлөшкөндө айтышабы, өздөрү окуган жогорку окуу жайларынан жетекчиликтер тарабынан кысым, же окуудан чыгарабыз деп коркутуп-үркүтүүлөр болгону тууралуу?
- Албетте, андай кысымдар жөнүндө да бизге айтып келишет. Мисалы декандар болобу, ректорлор болобу биздин мүчөлөрдү өздөрүнүн кабинеттерине чакырып алып коркутуп-үркүтүп, кээ бирөөнү сессия тууралуу айтып ар кандай амалдарды издейт экен. Бирок мен билгенден бизде иштеп жүргөн жаштардын бирөөсү да корккон жери жок.
- Биздин билишибизче 5 жыл мурдагы учур менен азыркы учурду салыштырганда саясий партиялардын жаштар канаты жакындан тарта эле күчтөндү. Сиз кандай ойлойсуз, жаштардын саясий аң-сезими өстү деп айтууга болобу? Эртеңким кандай болот деген коркунуч жокпу?
- Албетте, 24-марттан кийин жаштардын саясий кыймылдары абдан активдешти. Бул менин оюмча жакшы, туура нерсе. Анткени, 24-март окуясы жаштарга да, калың калкка да көрсөттү, бийликке каршы бара алаарын жана жалгыз гана күч бул эл болуп саналаарын. 24-март ыңкылабы саясий талап да болду, анан саясий тарыхта өткөн практика болду окшойт.
-Маегиңизге ырахмат.