Оппозициянын кечээги демонстрациясына чогулган жүздөгөн адамдарды полиция уруп-сабап, күч менен тарткан эле. Өлкөнүн ички иштер министри Владимир Наумовдун билдиргенине караганда, полицияга баш ийбеген жана каршылык көргөзгөн 80дей демонстрант кармалган. Ал эми оппозиция өкүлдөрүнүн айтымсында, камакка алынгандардын саны кеминде жүз же андан көп болушу мүмкүн. Бүгүнтөн тарта сот кармалган демонстранттарга айыппул салуу же бир нече күнгө эркинен ажыратуу боюнча чечимдерди чыгара баштады. 1918-жылы кыска мөөнөткө өмүр сүргөн Беларус демократиялык республикасынын 90 жылдыгын белгилөө үчүн оппозициялык маанайдагы уран-чакырыктарды жана Еврошаркеттин желегин көтөргөн демонстранттар өкмөттүн тыюу салуусуна карабай кечээ Минскинин борбордук аянтына чогулган эле.