Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

ОШ: “КОҢШУ МАМЛЕКЕТТЕН КОРИДОР АЧЫП БЕРГИЛЕ”


Кыргызстанга таандык Барак анклавы Өзбекстанда жайланышкандыктан, төрт тарабынан тең кошуналардын чек арачылары, бажычылары тосуп турушат. Ушул тапта айылда жашаган 125 кожолук изоляцияга кабылгандыктан, «Коңшу мамлекеттен коридор ачтырып бергиле?» деп Президент Бакиевден талап кылышууда. Бирок жергиликтүү бийлик маселе чечилүү деңгээлинде турат деп жооткотууда.

Карасуу районуна караштуу Барак айылы райборбордон – 17, түштүк башкалаасынан 24 чакырым алыстыкта жайланышкан. 125 үй-бүлө, тактап айтканда, 625 калкы бар. Төрт тарабынан тең Өзбекстан менен курчалган. Электр энергиясын да ушул өлкөдөн күнүнө 4-5 саттан алып турат. Айыл башчысы Буркан Ашыровдун айтымында, Барак кыштагы Кыргызстандын да, Өзбекстандын да картасында жок. Бирок ошого карабастан коңшу мамлекет өкүлдөрү жергиликтүү калктын ички ишине кадимкидей кийлигишип, а түгүл кайсыл өсүмдүктү эгип, канча түшүм алышына дейре көрсөтмө берип турушат:

- Биздин айылыбыз Өзбекстандын ичинде турганына карабастан ушул нерсе карызга түшкөн. Биздин пахтадан 35-40-45 центнерден алсак, ошону дагы санашат. Өздөрүнүн аймагындагы пахтанын түшүмүнөн жогору болбош керек, - дейт Буркан Ашыров.

Ардагер Закир Калбаев билдиргендей, талаага мал кайтарышса, өзбек чек арачылары куралын такап опузалашат, андан да коркунучтуусу кээде айылга дейре кирип келип, жердештерин жөнсүз сабап турушат, органдарга кайрылышса, андан жыйынтык чыккан факты боло элек:

- Поледен өтсөң солдаттар кармайт, эч жакка чыга албайсың. Жертөлөнүн ичинде сактап койгондой жашайсың, айла жок ата-бабабыз ушул жерде жашагандан кийин, - деди Закир Калбаев.

Барактын тургуну Аскат Боронбай уулу киндик каны тамган жери изоляцияда калгандыгына кейип, мекендештери үчүн коридор сураштан чочулап Кыргыз бийлиги боштук кылып жаткандыгына улутунду:

- Бул жерде биз изоляцияда жашайбыз. Кыргызстанга өтөлү десек чегарадан абдан кыйнайт. Документибизди унутуп калсак бизди өткөрбөйт. Ал эми Кыргызстандан бул жака өтөлү десек да абдан кыйнашат, - ушинтти Аскат Боронбай уулу.

Ал эми 11-класстын окуучусу Акбермет Мамытова азыр эле өзбек милициясы жөнсүз кармаганын айтып, мындай көрүнүш күндө кайталанаарын ачыктады.

- Мен метиркемди паспортко берип койдум эле десем, бир милициясы менен урушуп кеттик, катуурак сүйлөп койсом, сен мага катуу сүйлөп атасың деп өткөрбөй койду, - дейт Акбермет Мамытова.

Ош облус губернатору Аалы Карашев барактыктардын тагдыры Президент Бакиевдин жеке көзөмөлүндө тургандыгын, эки тараптуу өкмөттүк комиссия уюшулуп иштеп жаткандыгын, элет элине Өзбекстан аркылуу коридор сурап Ташкенге расмий кайрылышкандыгын, бирок көйгөйгө Каримов бийлиги азырынча чекит кое электигин «Азаттыкка» мындайча маалымдады:


- Өкмөт тарабынан комиссия түзүлүп, бүгүн иш алып барылып жатат. Биз бүт карап чыктык, 1,8 км, 1800 метрге коридор берсе деген варианттар иштелип атат. Барактан бердикпи, силер анда башка жагынан бересиңер деп айтсак мүмкүн туура эмес болуп калат. Бирок бүгүнкү күндө иш алып барылып жатат мамлекет башчыбыздын түз көзөмөлүндө, - деди маектешибиз Ош облус губернатору Аалы Карашев.

XS
SM
MD
LG