Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

САЛИЖАН ЖИГИТОВДУН ЭМГЕГИ ЖАНА ЭЛЕСИ ЭСТЕН КЕТПЕЙТ


Фатима Абдалова Бүгүн Кыргыз-Түрк "МАНАС" университетинин Жал кампусунда маркум адабиятчы, коомдук ишмер Салижан Жигитовду эскерүү кечеси өтөт. Учурда Салижан Жигитовдун 5-6 томдук кол жазмалары басууга даярдалууда.

Белгилүү адабиятчы, коомдук ишмер маркум Салижан Жигитов өмүрүнүн соңку жылдарында Кыргыз-Түрк МАНАС университетинде проректорлук, окутуучулук кызматтарда эмгектенди. Бүгүн саат 2 де аталган окуу жайдын Жал кичирайонундагы имаратында өтө турган Салижан Жигитовду эскерүү кечеси кечигүүрөк болсо да 17-март маркумдун туулган күнүнүн урматына карата белгиленип жатат. Кыргыз-Түрк МАНАС университетинин ректору, профессор Сулайман Каипов Салижан Жигитовдун көп кырдуу ишмердигинен - жаш адистерди тарбиялоодогу өзгөчөлүгүнө токтолду:

-Салижан Жигитов Кыргыз-Түрк МАНАС университетинде көп жылдар иштеп калбадыбы. Ал кишинин илим жаатындагы эмгеги – студенттерди, аспиранттарды, докторанттарды тарбиялоодогу эмгеги да абдан зор.

Салижан Жигитов дүйнөдөн өткөндөн бери маркумдун эл арасында айтылып жүргөн куйкум сөздөрү, аския-тамашалары маркумдун шакирттеринин бири, акын Олжобай Шакир тарабынан чогултулуп жатат. Олжобай Шакир мындай икаялар дале жыйналып атканын маалымдады:

-Салижан Жигитовдун эл арасында айтылып келаткан аскияларын 1 жылдан бери чогултуп келатам. Бирок булактын көзүндөй болуп эле улам жаңылары табылып, дале чогултуунун үстүндөмүн.

Андан ары Олжобай Шакирден Салижан Жигитовдун куйкум сөздөрү, таасын айткандары жөнүндөгү икаялардан бирөөн “Азаттыктын” угармандарына айтып берүүсүн өтүндүк:

-Акаев президент болуп турганда Салижан Жигитов кеңешчи болуп турбадыбы. Акүйдө Саке Бексултан Жакиев менен шахмат ойноп отурса, ал кездеги легендарлуу парламенттин депутаты Мар Байжиев: и акылчылар, оюндан омурткаңар сынып отурасыңарбы – дейт. Анда Саке: Акаевге болгон акылымды айтып, андан артканын мынабул досума айтып атам... Болбой эле акыл артып калып жатат...Сен да тез-тез келип акыл сурап тур менден – дептир.

Негизинен учурда Салижан Жигитовдун адабий чыгармаларынан, котормолорунан, маектеринен жана элге сиңип кеткен акылгөй кептеринен турган 5-6 томдук көлөмдөгү кол жазмалары белгилүү коомдук ишмер, маркумдун жакын жолдошу Ишенбай Абдразаков, кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов жана шакирти Олжобай Шакирлер тарабынан даярдалууда. Ишенбай Абдразаков Салижан Жигитов тууралу китептин баш сөзүн жазып жатса, маркумдун кол жазмалары кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун редакторлугунда басууга даярдалууда:

-Эми бул 5-6 томдукка Салижан Жигитовдун адабий чыгармалары, илимий макалалары, котормолору, маектери кирип жатат. Айрыкча Салижан Жигитов акыркы 10-15 жылда курч маектерди, илимий макалаларды жазды. Аларды учурунда окуганбыз. Бирок кайрадан дагы окуп отуруп, мен анын эмгекчилдигине, билимкөйлүгүнө, бийик интеллектуалдуулугуна жана улуу инсан экендигине ишенип калдым. Муну жакында бүтүп берем.
XS
SM
MD
LG