Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

КЕЛЕТ ДЕГЕН БАКИЕВ КЕЛБЕЙ КАЛДЫБЫ?


Президент Кыргызстанга качан келет? Акүй буга чейин эки жолу келет деп, эки жолу тең келген жок. Эми админстрация башчысы Медет Садыркулов менен экс-өкмөт башчы Алмаз Атамбаевдин 28-мартта келет дегенине карабай келе албайт деген сөздөр чыгууда. Эгер президент эртең келбесе чындап тынчсызданууга себеп бар.Президенттин табышмактуу жоголушу эл арасын уу-дуу кылууда деп жазды бүгүн жарыкка чыккан “Де-факто”

Гезит “Кыргыздын жүз байы ким?” деген суроо алдында байлардын тизмесин жарыялап капитализм капшабы менен байып кеткендердин башында Аскар Салымбеков, андан кийин Максим Бакиев турат деп маалымдады. Бир кызыгы байыгандардын 80 пайызы жалаң Акүйдүн атка минерлери экендигинде. Ушул эле гезит Беш-Күңгөй айылында 9 жаштагы Жумамырзаны Бишкек экономикалык университетинин ректору Төлөбек Камчыбековдун ити талап өлтүргөн деп маалымдаса, ректор Төлөбек Камчыбеков тергөөчүлөр келип иттерин алып кеткенин, бирок өзүнүн ити капты дегенге ишенбей турганын билдирген.

“Де-факто”

“Жаңырык Апта”,/B> гезити “Бишкектин четинде жашыруун армия даярдалып жатат” деген баштеманы гезиттин 1-бетине алып чыкты. Гезит бул тууралуу кабарды аэропортко жакын жашаган айыл тургундары билдиргенин кошумчалап, өткөн жылкы митингдерде дагы бийлик бейтааныш аскердик топторду Кыргызстанга алып келген деген каңшаар, атапай айтканда Балтика боюндагы аскер бөлүктөрүн алып келиптир деген маалымат тараганын, ал эми бул жолкусу Баткен окуясына тишеси бар согушчандардын тандалмалары деген божомолдор айтылып атканын, аларды ким кайсы согушка даярдап жатканы- белгисиз, балким кыргызга каршы даярдалып жатпасын деп жазды.

“Общественный рейтинг” гезити Феликс Куловдун: “Бийлик адаттагы акылсыздыгын көрсөтүп, Республиканын аброюна көө сүрттү” деп айткан макаласын басты.

Экс-премьер-министр Кыргызстанды кризистен алып чыгуунун 7 мисалын келтирет. Мындан тышкары аталган жумалык саясатчы Равшан Жээнбековдун “Ыңкылап максатына жеттиби?” деген интервьюсун жарыялады.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG