Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

БОРБОР АЗИЯДА СПИД ТЕЗ ТАРАП ЖАТАТ


Жаңыл Жусубжан , Прага Ушул бейшембиде БУУнун "Азиядагы СПИД боюнча комиссиясынын" отчету жарык көрдү. Анда бул оорунун жайылышы жана анын Азия чөлкөмүнө тийгизип жаткан кесепети тыкыр талкууланат. Бирок бул отчетто Борбор Азия менен Ооганстан камтылган эмес, бул аймактар май айында москвада өтө турган эл аралык ири СПИД конференциясында сөзгө алынмакчы. Бирок Бириккен улуттардын СПИД программасынын директору "Азаттыкка" бул илдет Борбор Азияда дүйнөдөгү эң тез ылдамдыкта жайылып жаткандыгын билдирди.

Борбор Азия мурда СССРдин карамагына киргендиктен, көп учурда аймактын маселелери эл аралык деңгээлде Орусия жана Чыгыш Европа менен чогуу каралат. Ошондуктан Азия боюнча БУУнун отчетуна Борбор Азия кирген эмес. Бирок БУУнун СПИД комиссиясынын жетекчиси Доктор Петер Пиот белгилегендей, миграция жана жаратылыш ресурстары бүгүн Борбор Азиядан батыш, түндүк-батышка гана эмес, чыгышка жана түштүк-чыгышка да агылып жатат. Анын айтымында, СПИД оорусу Борбор Азияда 2005-жылдан бери кескин көбөйө баштады:

– Соңку жылдары Борбор Азияда бир нече өлкө ВИЧ инфекциясын тизгиндөөдө бир топ жылыштарга жетишти. Ошол эле мезгилде ВИЧ бүгүн дүйнөнүн бир да аймагында Борбор Азиядагыдай тез жайылган жок. Мында оору негизинен баңгичилер арасында ийне сайынуудан, жана кайсы бир деңгээлде секс кызматы аркылуу тарап жатат. Башкы көйгөй – бул өлкөлөр баңгичилерге таза ийне таркатуу же метадон менен дарылоо сыяктуу методдорду кеңири колдонууга алышат элек. Алдын-алуу чаралары да жетиштүү болбой жатат.

Доктор Пиоттун айтымында, Москвада өтө турган СПИД жыйынына Чыгыш Европа менен Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнөн өкүлдөр катышат. Анда ВИЧтин кан тамырына ийне сайынгандардын арасында жайылышын токтотууга айрыкча басым жасалмакчы. Азаттык менен маегинде Пиот Орусияда СПИДди көөмөлдөөдө айрым жылыш бар экендигин белгилеп, ошол эле учурда Украинадагы соңку кадамдарга жогору баа берди:

- Өткөн аптада Украинанын президенти биринчи жолу СПИД боюнча жоопкерчиликти өзүнө алып жаткандыгын жарыялады. Украинада калктын бир пайызы ВИЧке чалдыккан, бул Чыгыш Европадагы эң начар көрүнүш. Ошого жараша өлкөдө тийиштүү программалар ишке киригизлген. Мени айрыкча таң калтырганы, Украинада атуулдук коом өтө күчтүү. ВИЧке чалдыккандар, ошондой эле жаш активисттер бул көйгөйдү чечүүнү өз колдоруна алып жатышат. Саясий стабилдүүлүк сакталса, бул программалардын ишке ашуусуна көзөмөл гана керек.

Пиот ошондой эле СПИДге каршы вакцина ойлонуп табыла электигин, ошондуктан бул коркунучтуу илдетке агартуучулук вакцинасын жана жүрүм-турум вакцинасын каршы коюш керектигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG