Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:14

ЕВРОПАЛЫК СҮРӨТЧҮЛӨР КЫРГЫЗСТАНДА


Ушул күндөрү Бишкекте “Кыргызстанга жөнөтүлгөн сүрөттөр” аттуу көргөзмө өтүүдө.

Уюштуруучулардын айтуусунда бул көргөзмөгө катышууну каалаган 500 талапкерден 200 сүрөтчүнүн эмгеги тандалып алынган. Алардын катарында немис, француз, румын, орус жана башка элдердин кыл калем чеберлери бар.

Европалык сүрөтчүлөр “Мейкиндиктеги орундалбаган кыялдар” деген темада иштешип, сүрөт өнөрүнүн түрдүү жанрларында эмгектерди жаратышкан. Алардын катарында Германиядан келген сүрөтчү Ника Брайх эмгектерин койгон.

-Мен дубал бетине тартылган эмгегимди көрүүчүлөрдүн сынына коюп жатам. Анда жүздөн ашык майда сүрөттөр камтылган. Бул сүрөттөрдүн ар бири өзүнчө бир нерсени чагылдырат. Ал эми алыстан карасаң чоң бир картинаны элестетет.

Көргөзмөгө катышкан кыл калем чеберлери май боектор менен тартылган сүрөттөрдөн тышкары, инсталяция, перформанс багытындагы эмгектерди, фото сүрөттөрдү коюшууда.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинин кызматкери Валентина Иванова музейде мындай эл аралык деңгээлдеги көргөзмөлөр тез-тезден өтөөрүн айтып, бул жолку иш-чаранын өзгөчөлүгүн белгиледи:

-Келген көрүүчүлөр дароо эле көргөзмөнүн ар тараптуу экенинин байкашат. Башкача айтканда бул жерде сүрөт өнөрүндө жаңыдан гана чыгармачылыгын баштап жаткан сүрөтчүлөрдөн тартып, такшалып калган професионал кыл калем чеберлеринин түрдүү жанрдагы эмгектери коюлган. Андыктан сүрөт күйөрмандары үчүн чоң кызыгууларды жаратат деп ойлойм.

Көргөзмөгө катышып жаткан айрым сүрөтчүлөр Кыргызстанга бир канча күн эрте келишип, айрым эмгектерин жаратышкан. Алардын катышуусунда ошондой эле кыргыздын жаш сүрөтчүлөрүнө устаттык сабактар өтүлгөн. Немис сүрөтчүсү Летиция Ноукай Кыргызстанга биринчи ирет келгендигин айтып, кыргыз сүрөт өнөрүнө өзүнүн баасын берди:

-Менин байкашымча сүрөт чөйрөсү өтө эле тар. Сүрөт тартууга кызыккан жаштар да аз экен. Берлиндин жаштарына караганда пасивдүү деп айтат элем. Менин оюмча мындай көрүнүш бир жагынан финансы маселесине, экинчи жагынан улуу муундагы сүрөтчүлөр менен көз-караштардын келишпестигине байланыштуу болуш керек.

Бул көргөзмө Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулду.

-Европалык сүрөтчүлөрдүн көпчүлүгү Кыргызстан тууралуу жакшы биле беришпейт. Чет элдик сүрөтчүлөрдүн көңүлүн буруу аны менен бирге жергиликтүү сүрөтчүлөргө сүрөт өнөрүнүн заманбап багыттарын көрсөтүп, өлкөлөр ортосундагы маданий алаканы чыңдоо максатын көздөйт. Биздин идеябыз көпчүлүк сүрөтчүлөрдү кайдыгер калтырган жок. Себеби катышууну каалаган талапкерлердин саны арбын болду, - деп кабарлады уюштуруучулардын бири Максим Нерода.

Көргөзмө 5-апрелге чейин улантылат. Ал эми 2009-жылы бул долбоор Германиянын Берлин шаарында өтөт. Ага Европа сүрөтчүлөрү менен бирге кыргыз кыл калем чеберлеринин да катышаары күтүлүүдө.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG