Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Ирактын түштүгүндөгү уруштар уланууда


Басра шаарында коопсуздук күчтөрү шийит согушкерлери менен салгылашып жатканына бүгүн үч күн болду. Ирактын премьер-министри Нури ал –Малики согушкерлердин, анын ичинде шийиттердин радикал имамы Моктада ас-Садрдын "Мехди армиясы" деп аталган тобунунун куралсыздануусу үчүн эртеңкиге чейин мөөнөт берип, болбосо аларга каршы катаал чара көрүлөрүн эскертти.

Өлкө түштүгүнүн Басра менен башка шаарларында, Багдаддын Садр шаар деп аталган районунда ушул апта ичиндеги уруштарда ондогон адамдар мерт болду же жаракат алды. Маселен Кут деген шаардын полиция башчысы бул жерде америкалык, ирактык аскерлер жана шийит согушкерлери ортосундагы атышуулардан 40 тан ашуун адам каза тапканын билдирди.

Мунун аралыгында Түштүк Мунай деп аталган копманиянын өкүлү Ирактын экспортко багытталган маанилүү эки мунай куурунун бири Басранын жанынан жардырылганын маалымады.

Тибеттик кечилдер чет элдик журналисттерге өз маалыматтарын берүүгө жетише алды. Тибеттен түшкөн кабарларга караганда, жергиликтүү кечилдердин тобу бул жакка чет элдик журналисттердин сапарын уюштурган кытай бийликтеринин планын бузуп, батыш маалымат агенттиктеринин кабарчылары менен жолуга алган. Жолугушууда алар кытай бийликтери Тибетте дин эркиндигин сактабай жатканын билдиришкен. Кечилдер ошондой эле Тибеттин сүргүндөгү диний лидери Далай Ламанын жакында Тибетте орун алган тополоңдорго тиешеси жоктугун маалымдашкан. Чет элдик журналисттердин сапары кытай бийликтери тарабынан алар Тибеттеги кырдаал тынч экендигине ишенүүсү үчүн уюштурулган эле.

XS
SM
MD
LG