Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:23

ЧЕТ ЭЛДИК ЖУРНАЛИСТТЕР ТИБЕТТЕ


Тибетте чет элдик бир нече журналист кытай бийликтери уюштурган үч күндүк сапарда жүрүшөт. Кабарчыларды кечээ Лхасадагы ибаадатканалардын бирине алып келишкенде отуз чакты кечил “тибеттеп” ураан чакырып, бийликтердин саясатын айыпташты.

The Financial Timesтын кабарчысы Лхасаны кызыл уук уруштар болуп өткөн жерге салыштырат: бул жерден кадам сайын өрттөлгөн үйлөрдү, каракталган дүкөндөрдү көрсө болот. Көчөлөрдү кытай солдаттары акмалап, күзөтүп турушат. Ал эми Reutersтин кабарчысы кечилдердин бири: “Баары жалган!”- деп айтып,анан ыйлап жибергенин билдирди. Кечилдердин көбү Тибеттеги тополоңдорго Далай-ламанын эч кандай тиешеси жоктугун ырасташып, кытай бийликтери аны ак жерден каралап жатышат деп айтышкан. Алардын бири: “Кытайлыктар бизге ишенбейт. Өкмөт бизди колуна тийгенди уруп-сабап,кыйратып,карактап,өрттөп жиберет деп ойлойт. Биз дегеле мындай иштерди кылган жокпуз. Алар бизди жөн эле күнөөлөп жатышат”,- деп билдирди.

Тибетте массалык тополоң башталгандан бери бул аймакка бийликтер чет элдик кабарчыларды бут бастырышкан эмес эле. Бирок капыстан эле алардын чакан тобу үчүн өкмөт атайы сапар уюштуруп,Тибетке алып келишти. Журналисттер аймакта дагы эки күн болушат.

Байкоочулар бул кадамды ырасмий бийликтер Олимпиада алдында Кытайдын эл аралык коомчулук үчүн ачыктыгын ырастоо иретинде жасады деп ырасташат. Соңку кездери дүйнөлүк лидерлерди Жайкы оюндардын ачылыш аземине катышуудан баш тартууга чакырган апаздар улам күчөй баштады. Мындай чакырыктарга азырынча бир гана Польшанын премьер-министри Доналд Туск макул болду. Өлкөнүн тышкы иштер министринин орунбасары бул маселени Варшава Евросоюздун башка өлкөлөрү менен талкуулап чыгарын ырастады.

АКШ президенти Жорж Буш Кытайдын төрагасы Ху Цзинтаого телефон чалып, Тибет проблемасын жөнгө салуу үчүн Далай-лама менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырды. Бирок Буш Олимпиаданын ачылышына катышат. Буга чейин Кытайга ушундай маанидеги чакырыктар менен Франциянын президенти Николя Саркози кайрылган эле. Саркози буга кошо Олимпиаданын салтанатына барбай калышы ыктымал экенин каңкуулаган. Тибеттеги окуяларга Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибанд да камтамачылык билдирип, бирок Олимпиаданы бойкоттоо идеясы тууралуу эчтеме айткан эмес.

Ырасмий Пекин өз кезегинде мындай кадамдар Евросоюз өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы экономикалык кызматташтыкка терс таасирин тийгизерин эскерткен.

XS
SM
MD
LG