- Cиз СПИД илдети Борбор Азияда тездик менен жайылып жатат деген пикирлерге кошуласызбы?
- Буга кошулам. Себеби 2005-жылдан баштап акыркы убакта СПИДдин өсүшү жалаң эле Борбор Азия мамлекеттеринде эмес, Кыргызстанда да өсүп кетти. Мен айта кете турган болсом, мына 2008-жылдын 1-мартына караганда расмий маалыматтар боюнча 1535 адам ВИЧ менен катталды. Анын ичинен 1411 Кыргызстандын жарандары. Алардын ичинен СПИД менен ооругандар 115, өлгөндөрдүн саны болсо 186, анын ичинен СПИДден өлгөндөрдүн саны 87 болуп атат. Ошондуктан биз акыркы эки жылда өтө кооптонгон мамиле менен карап турабыз. Экинчиден, Ош облусунда абал өтө оор. Себеби жалпы санына караганда 50 пайыздан көбү ошол жактан катталган. Чүй облусунда 20 пайыз.
-Демек ошол катталган атуулдарыбыз катталып коюп эле жүрүшөбү, же дарыланып жатабы, аларды көзөмөлдөп жатасыздарбы?
- Бизде методоновая терапия деген бар, аларды каттоого алып дарылап атабыз. Андан тышкары акыркы убакта балдардын арасында өсүү бизди өтө тынчсыздандырып атат. Эгер 2003-жылы бир бала боло турган болсо, 2004-жылы эки бала, 2005-жылы алты бала, 2006-жылы төрт бала, ал эми 2007-жылы 46 бала катталды.
-Бул дарыгерлердин күнөөсүнөн эмеспи?
- Былтыркы Ноокаттагы, Оштогу балдардын каттоосу боюнча азыр тергөө жүрүп атат. Биз айтып атабыз балдарга айыкпас дарт оорукананын ичинен жуккан деп, бирок энеден жуккан учурлар да кездешип атат.
-Алдын алуу чаралар да көрүлүп жатса керек?
- Бул боюнча негизги нерсе алдын алуу болуп эсептелет. Ошон үчүн биз бүгүнкү күндө кайра жөнөкөй элдин арасында таралбасын деп, мисалы баңгизатын колдонгондорду, анан бир колдонуучу шприцтер боюнча көзөмөлдү күчөтүп атабыз. Мындан тышкары эң негизгиси 76 пайыз баңгилер, анан кандан болуп атпайбы Ошондуктан донорлорду канды текшерүү боюнча медициналык жабдуулар менен, андан тышкары мекемелерде жогорку сапаттуу инструменттерди колдонуу жагына көңүл буруп атабыз.
-Маегиңизге чоң ырахмат.