Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:39

НАТО: БҮЙҮР КЫЗЫТКАН БУХАРЕСТ САММИТИ


Каарманбек Кулуев, Бишкек НАТОго жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу маселеси каралышы жоромол кылынган Бухарест саммитине саналуу гана күндөр калды. 2-апрелде башталчу бул жыйынды утурлай, шаршембиде Брюсселге Грузиянын өкүлдөрү келди. Алар болочокто бул аскердик ынтымакка Грузияны кабыл алуу үчүн жол ачкан “Мүчөлүк аракет планына” ('Membership Action Plan', MAP) расмий Тбилисини кошууга дагы бир ирет НАТО жетекчилигин ынандыруу далаалатын жасоодо. Бирок Грузин бийлигинин аракеттерине карабастан, жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу тууралуу НАТОнун ичинде азырынча бир пикир жок. АКШ жана НАТОго жаңы гана кирген мүчө өлкөлөр Грузия менен Украинанын бул аскердик ынтымакка кошулуусун колдошот, ал эми Германия менен Франция буга каршы турууда.

НАТО Чыгышты карай дагы кеңейеби? Бул маселени чечиш үчүн НАТО өлкөлөрүнүн башчылары 2-апрелде Румыниянын борбору Бухарестте (Bucharest) чогулушат. Анда каралган негизги маселе – аскердик альянска Грузия менен Украинанын кошулуусу.

Грузия менен Украинанын НАТОго кошулуусу маселеси саммиттин күн тартибине бирге коюлуп жатканы менен, алардын бул ынтымакка кошулуусуна тоскоолдук кылган жагдайлар бири бирине көп окшошпойт.

НАТОнун Башкы катчысы Яап де Хооп Схеффер мурдараак берген маалымат боюнча, Грузиянын альянска кабыл алынышына тосколло болгон жагдай - өткөн жылкы оппозициялык митингдин бийлик тарабынан күч менен таратылышы. Ал эми Украинада элдин жарымы өлкөнүн НАТОго кошулуусуна каршы.

Бул эки пост-советтик мамлекеттин ар бири өз маселелерин чечип, өлкөнү НАТОнун стандарттарына ылайыкташтырып жатат. Грузия бул стандарттарга дал келгенин ырасташ үчүн өлкөнүн Тышкы иштер министри Давид Бакрадзе, Европа жана евроатлантикалык интеграция министри Георгий Барамидзе жана коргонуу министринин орун басары Георгий Мучаидзе 26-мартта Брюсселге келип, НАТОнун элчилери менен сүйлөшүү жүргүздү.

НАТОнун басма сөз катчысы Жеймс Аппатурай (James Appathurai), бул жолугушуулардан соң эч кандай жаңы маалымат айткан жок. Анын ордуна ал мурдатан эле айтылчу сөздөрдү кайталады.

- Албетте, Грузиянын НАТО менен жакындашууга умтулуусунун маңызы да, келе жаткан Бухарест саммитинин маңызы да бизге жакшы маалым.

Аппатурайдын айтымында, НАТОнун эшиги баардык “европалык демократиялык” өлкөлөр үчүн ачык. Эч кандай үчүнчү тарап НАТОнун чечимине таасир тийгизе албайт, дейт ал.

Айтылуу “үчүнчү тарап” деп аталган Орусия бул маселе боюнча чечим чыгарууга катыштырылбаганы менен, анын пикирине такыр эле көңүл бурулбайт деп айтуу туура эмес болуп чыгар.

Соңку маалыматка караганда, Бухарест саммитине Владимир Путин катышпай тургандай.

Путиндин мураскору саналган Орусиянын жаңы шайланган президенти Дмитрий Медведев жакында эле “Файнэншл Таймс” (Financial Times) басылмасы үчүн маек куруп, Украина менен Грузиянын НАТОго кабыл алынышы Орусия менен Батыштын ортосундагы мамилелерди кыйла начарлатаарын эскерткен.

НАТОнун ичинде да бул маселеде азырынча бир пикир жок. Түндүк Атлантика Ынтымакташтыгынын кызматкеринин “Азаттыкка” берген маалыматына ылайык, АКШнын НАТОдогу элчиси Виктория Нуланд (Victoria Nuland): «Буш Грузия менен Украинанын НАТОго кошулуусун колдойт» деп айткан. НАТОнун Борбордук жана Чыгыш Европалык мүчөлөрү да АКШ менен бирдей пикирде.

Германия жана Франция Грузия менен Украинанын евроатлантикалык багытта иш алып баруусун колдогону менен, азырынча аларды уюмга кабыл алуу тууралуу макулдукка келе элек.

Кыргызстандык жаш саясат таануучу Сардар Бирмановдун пикиринде, мындай кырдаалга Германия сыяктуу өлкөлөрдүн орус мунайынан көз карандылыгы себеп. Бирок мындан тышкары, НАТОнун ичинде да үстөмдүк үчүн күрөш жүрүп жатканын унутпаш керек дейт серепчи.

- Франция менен Германия Европада АКШнын үстөмдүгү күчөп келатканына каршылыгын көрсөтүшү мумкүн. Анткени, биз көргөндөй, НАТОго жаңы гана кирген мамлекеттер, Латвия, Польша, Чехия сыяктуу өлкөлөр, мурунураак НАТОго кирген өлкөлөрдөн айырмаланып, Американын саясатын ар дайым колдоп жатышат.

Америка багытын карманган дагы бир мамлекеттин НАТОго кириши Европанын коопсуздугуна залакасын тийгизиши мүмкүн дейт жаш серепчи Бирманов.

Бирок Грузия бийлиги, тескерисинче, НАТОго кошулуу менен аймактын коопсуздугу күчөйт деп ишендирүүдө. Бул жагдайда Абхазия жана Түштүк Осетиянын жикчил аракеттери кыйла азаймак дейт грузин өкмөтүнүн өкүлү. Анын үстүнө, дейт грузин өкүлү, эгер Грузия азыр НАТОго кошулбаса, өлкөдөгү соңку реформалар аягына чыкпай, өлкөдөгү кырдаал курчушу ыктымалдан алыс эмес.

Айтор, НАТОнун Бухарест саммитинин күн тартибине кирген анын Чыгышка кеңейиши маселеси Батыш жана Ортоңку Европанын гана эмес, Чыгыш Европа менен Кавказдын да бүйүрүн кызытууда.

XS
SM
MD
LG