Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

АБАКТАРДА АЧКАЧЫЛЫК АКЦИЯСЫ ТОКТОДУ


№ 16 абакта жаза өтөп жаткандар ачкачылык кармоону токтотушту. Жаза аткаруу башкы башкармалыгы мындан ары абактагы атуулдардын укуктары сакталат деп убада берди. Ал эми ачкачылык кармагандар маселе жеке Азиз Батукаевде эмес экенин белгилешип, нааразылыкка абактагы адам укуктарынын тебеленип-тепселиши себеп болуп жаткандыгын айтышты.

Жаза өтөө жайындагы жалпы абалдын начарлашы, эркинен ажырагандардын абактагы укуктарынын сакталбай жатышы нааразылыктын чыгышына себеп болду, деп билдирди абакта отурган Алмаз Кудайбергенов “Азаттыкка” :

-Мен Кудайбергенов Алмаз 16-колонияда отурамын. Адам катары эсептешпейт да быяктачы. Биз эркиндигибизден ажыратылганбыз, адамдык укуктарыбызды алып салган эмес да. Ооруп жаткан адамдар көп. Ооруканага алыпбарышпайт. Мына жети күн ачкачылык кармадык. Алтынчы күн дегенде анан келе башташты. “Эмне кылалык, тиги-бу дешип”. Тиги жактан айтып жатышат Азиз Батухаевдин айынан ушундай көтөрүлүш болуп жатат деп. Батухаев үчун эмес быякта. Мына ачкачылыкты токтоттук. Жетекчилер абалды жакшыртуу боюнча убадаларын беришти.

Алмаздын айтымында № 16- колонияда бардыгы болуп, 681 адам отурат. Алар Жазык аткаруу башкармалыгына нааразылык билдирип, басымдуу бөлүгү оозун тигип алса, айрымдары кан тамырын кескенге чейин барышкан.

-16-колонияда 681 адам отурат. Бардыгы үч күн ачкачылык кармашты. Жүздөй оорукчан адамдар ачкачылыкты токтотушту. Калгандары жети күн кармашты. Үч жүздөй адам кан тамырын кескенге чейин барышты. Мен өзүм кан тамырымды кескенмин. Текшерүү деген болот. Ар бир кирген сайын жаңы кийим-кечек болобу алып кетишет. Жаткан жерибизди үйдөн курулуш материалдарды алып келип оңдоп алсак, аларды талкалап кетишет.

Мына ушундай жагдайлар жыйналып отуруп, нааразылыктын курчуп кетишине алып келген. Ал эми жазык аткаруу башкармалыгы көптөн бери абакта отурган белгилүү Азиз Батукаевге жаза чектелип, башка абакка которулушу ушундай жагдай түздү деп эсептейт. Нааразылыкка катышкандар тескерисинче муну төгүндөшүүдө. Сот акыйкатсыздыгынан күнөөсүз жаза алды деп саналгандар да абалдын курчушуна көмөк болуп жаткандай.

шондуктан эркинен ажыратылгандар абакта тамактануу, эс алуу жана дарылануу сыяктуу укуктарынын сакталышын каалашат. Молдовановкадагы №27-колонияда жазасын өтөп жаткан дагы бир жигиттин айтымында, бул жакта учук менен ооругандардын абалы начар:

-Мен Канат деген эркинен ажыратылган атуулмун. 27-колонияда жети жылдан бери отурамын. Бул жерде учук оорусу менен ооругандар жатат. Абал начар. 16-колонияда болуп жаткан окуяны жалпы түрмөдө отургандар колдойбуз. Анткени материалдык жактан кароо кыйын болуп, шартты оңдой албай жатышпайбы.

Канат билдиргенине караганда абактардагы жашоо-шарт адам чыдагыс абалга жеткендей. Союз убагындагы фабрика, заводдор тонолуп-таланып жок болгон. Эмгекке түзөтүү деген жокко эсе. Эгерде бийлик абактагы нааразылыктарга маани бербесе, 16-колониядагыдай акциялар бардык түрмөлөрдө улантылышы ыктымал экен. Мындай пикирге Адилет министрлигинин өздүк коопсуздук кызматынын башчысы Аваз Каримовдун жообу мындай болду:

-Бүгүн абакта абал жакшы. Тамак-аштары жаман эмес. Азыр эле Жаза аткаруу башкы башкармалыгына телефон чалып сурадым, 16-колонияда ачкачылык токтоп, абал жөнгө салынууда.

Адилет министрлигинин өкүлү Аваз Каримовдун билдиргенине караганда 16-колониядагы ачкачылык токтоп, кырдаал жөнгө салынып жатыптыр.

XS
SM
MD
LG