Ысыккөл областтык администрациясынын маалымат кызматы кабарлагандай, кечээ облус губернатору Кыдыкбек Исаев эс алуучу жайлардын жетекчилери менен жолугушуп, туристтик сезонго даярдыктарды талкуулады. Анын жүрүшүндө, облус жетекчиси президенттин тапшырмасы менен пансионаттарда тазалоо жабдыктарынын иштеши өзгөчө көзөмөлгө алынаарын белгиледи.(MSu)