Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

31-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кара-Кыргыз автономиялык областынын туруктуу иштей турган Аткаруу Комитети 1925-жылдын 31-март күнү ишке киришкен. Кыргызстан профсоюздарынын I Уюштуруу курултайы 1925-жылдын 31-март күнү өткөрүлгөн.

Кара-Кыргыз автономиялык областынын туруктуу иштей турган Аткаруу Комитети 1925-жылдын 31-март күнү ишке киришкен. Жаңы куралган Областтык Аткаруу Комитетте адегенде 11 адам үчүн штат ачылып, биринчи төрагалык кызматка Абдыкадыр Орозбеков дайындалган. А. Орозбеков Маргалаң уездиндеги Охна кыштагында жарык дүйнөгө келип, анын кедей-дыйкан үй бүлөөсүнөн чыккан теги Совет бийлигинин таптык саясатына дал келген. Областтык Аткаруу Комитетте негизинен жергиликтүү калктын өкүлдөрү эмгектенген менен областтагы бардык маселе Кыргыз областтык партия комитетинде чечилген. Областтык Аткаруу Комитети кийин партиялык диктатка нааразылыгын билдирип Москвага кат жолдогон.

Кыргызстан профсоюздарынын I Уюштуруу курултайы 1925-жылдын 31-март күнү өткөрүлгөн. Профсоюздардын жыйыны Пишпек шаарында өтүп, анын ишине өлкөнүн булуң-бурчтарынан келген 109 делегат катышкан. Профсоюздардын I Уюштуруу курултайында Кыргызстандагы профсоюздук кыймылды жайылтуу, туруктуу иштей турган комитет куруу сыяктуу маанилүү маселелердин тагдыры чечилген. Кийин бул дата Кыргызстан профсоюздарынын күнү катары кабыл алынып, анын 50 жылдык юбилейи 1975-жылы белгиленген.

Фрунзе шаарынын партиялык активи 1940-жылдын 31-март күнү борбор калаанын төмөнкү аймагында орун алган торфту калктын керектөөсү үчүн пайдалануу туурасында чечим кабыл алды.

Улуу Ата Мекендик согуш маалында фронттогу жоокерлердин рухун көтөрүү максатында улуттук дастандарды жарыялап, калк арасындагы каармандарды даңазалоо чечими чыгарылган. Партиялык көрсөтмөгө ылайык кыргыз калкынын «Манас» дастаны аталган тизмеге киргизилген.

«Манас» дастанын изилдөө ишине айтылуу советтик окумуштуулар тартылып, 1946-жылдын бул күндөрү Кыргызстан илим коомчулугу изги саамалыкты өрнөктүү өткөрүү камылгасын көрүшкөн. «Манас» эпосунун 1100 жылдыгын белгилөө камылгасы, таанымал тарыхчы А. Н. Бернштамдын аныктоосуна ылайык жүргүзүлгөн жана анын фактологиялык далилдөө ишине советтик окумуштуулар тартылышкан. Анын натыйжасында С. М. Абрамзондун «Героический эпос «Манас»-памятник киргизской литературы» аттуу макаласы 1946-жылдын 31-март күнү жарык көргөн.

Экинчи дүйнөлүк согуштун мыкты танкы деп таанылган Т-34чү танк, 1940-жылдын 31-март күнү Харьков паровоз куруу заводунда чыгарылган.
XS
SM
MD
LG