Туризм агенттигинен алынган маалымат боюнча эл аралык сынак “Дүйнөлүк туризм сулуусу” сынагынын уюштуруучусу Британиялык ишкана менен кыргыз өкмөтүнүн биргелешкен аракети менен өткөрүлмөкчү. Сулуулардын сулуусун тандоочу сынак үстүбүздөгү жылдын 7-июнунда Ысыккөлдүн тескейине жаңы тургузулуп жаткан “Аалам ордо” комплексинде өтөт. Аталган комплекстин бет ачары да ошол убакка багытталган. Сынактан тышкары көл кылаасындагы айыл өкмөттөрдүн катышуусунда кыргыз элинин каада-салтын чагылдырган фестиваль да уюштурулмакчы.
“Дүйнөлүк туризм сулуусу” эл аралык сынагына 60тан ашуун өлкөлөрдөн кыз-келиндер катышмакчы, ошондой эле бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун президенти Франческо Франжиалинин да келери күтүлүүдө. (ZKo)
“Дүйнөлүк туризм сулуусу” эл аралык сынагына 60тан ашуун өлкөлөрдөн кыз-келиндер катышмакчы, ошондой эле бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун президенти Франческо Франжиалинин да келери күтүлүүдө. (ZKo)