Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

15:40 Москвалык кыргыздар 20 жылдан кийин кыргыз жарандыгында ким калат деп кабатыр


«Кыргыз биримдиги» уюмунун жетекчиси Абдыганы Шакировдун «Азаттыкка» жиберген маалыматына караганда, Москвадагы алатоолуктар президент Курманбек Бакиевке орчундуу он суроо менен кайрылышты. Кыргыз диаспорасы президенттин өлкөнү башкарга учурдан берки ийгиликтери жана өксүктөрү, Кыргызстанда Коомдук Палата түзүү, студенттер үчүн поезд жана авиабилеттерге сезондук жеңилдиктерди берүү, эмгек мигранттары менен иштөө боюнча мамлекеттик программаны кабыл алуу, Москвада Кыргызстан куруп жаткан Улуттук-маданий борборго кыргыз диаспорасынын ээлик кылышы жөнүндөгү суроолор менен Курманбек Бакиевдин ой-пикири кандай экендигин сураган. «Орусия жарандыгын алган биздин мекендештердин саны жыл сайын геометриялык прогрессия менен өсүп жатат. Болжол менен он жылдан кийин орус жарандыгын кабыл алгандардын саны 1,5 миллионго жетет, ал эми 20 жылдан кийин республикада кыргыз жарандыгында бир да адам калбайт. Сиз бул жөнүндө кандай ойдосуз?»,- деп баса белгиленген кайрылууда. Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү ошондой эле кыргыз чиновниктери коррупция менен чечкиндүү күрөшпөй жатканын сынга алышып, өлкөдөгү бардык таза адамдарды «пара бербейбиз да албайбыз, республиканы талап-тоноо жетишет!» деген ураан алдында коомдук кыймыл уюштурууга чакырышкан.(KCh)

XS
SM
MD
LG