Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:37

А. МУРАЛИЕВ: ИНФЛЯЦИЯНЫ ООЗДУКТАЙ АЛБАГАН ӨКМӨТТҮН КЕРЕГИ ЖОК


“Азаттыктын” түз ободогу маегине мурдакы премьер-министр Амангелди Муралиев чыгып, өлкөдөгү азыркы экономикалык абал жөнүндө ой-пикир бөлүштү.

- Бүгүн президент өкмөт жыйынын өткөргөнү жатат. Анда негизги маселе болуп өлкөдөгү экономикалык абал талкууланмакчы. Бийлик кийинки 3 жыл аралыгында экономикалык өсүштөр болгонун айтып келатпайбы. Буга сиздин баамыңыз кандай?

- Биринчиден, өкмөт бул маселени караш керек. Бирок мен президенттин арызын окуганда бир маселеге көңүл бурдум. Ал айрым коркунучтар жөнүндө айтты эле, бир инфляция бар деди эле. Андан башка сөз болгон жок. Негизинен азыр инфляция кескин түрдө өсүп атат. Өткөн жылы ошол көрсөткүч 20 пайыздан ашуун болду. Мен ойлоп атам, өкмөттүк жыйында инфляцияны токтотуу жөнүндө маселени кылдаттык менен, терең талдоо менен караш керек. Бул маселени карабаса анда биздин акчабыз бардык экономиканы, турмушту бузуп кетет. Эмне үчүн дегенде, сомдун туруктуулугун ойлош керек, маселен деңгээли кайсы чекте болуш керек долларга караганда. Дүйнөлүк кризис болуп атпайбы, Америкада рецессия болуп атат. Рецессиянын башталышы ипотекалык кризистен чыккан. Ошол маселелер түздөн-түз бизге тийиштүү болуш керек. Себеби Кыргызстан азыр дүйнөлүк экономикага батып кеткен. Импорт эки эседен ашуун болуп атат. Ошон үчүн инфляция маселесин терең караш керек. Бул маселени өкмөт карабаса, анда өкмөттүн деле кереги деле жок дегендей ойдомун.

- Азык-түлүк кризиси келип чыгышы мүмкүн деген божомолдор да бар. Анын себебин эмнеден көрсө болот?

- Биринчиден, акыркы 3-5 жылда биздин агрардык айыл чарба секторун өкмөт жакшылап көзөмөлдөбөй койгон. Себеби өркөнү өскөн мамлекеттерде азык-түлүк коопсуздук маселеси биринчи орунда турат. Бизде да биринчи орунда туруш керек эле. Ошону байкап, азык-түлүк балансын түзүп, өкмөт айыл-чарбага көңүл буруш керек эле. Бирок андай болбой калды. Азыр жанталашып эгиндин аянтын көбөйтөбүз, айыл чарбага солярка жана башкаларды беребиз деп атышат. Орусиядан трактор күтүп атабыз деп атышат. Бул маселе мындай чечилбейт. Себеби айыл чарба бул биздин элибиздин турмушуна түздөн-түз таасири тие турган тармак. Анткени элибиздин 65 пайыздан ашууну элетте жашайт. Бул маселе бир эле күндүн маселеси эмес.

Муну комплекстүү караш керек, бул жерде социалдык, экономикалык, моралдык, коопсуздук маселелер бар. Ошон үчүн азыр дүйнөлүк баалар өсүп атат, өзгөчө азык-түлүккө. Анткени нефть продуктыларга баа өсүп атпайбы. Азыр чет элде бир топ фирмалар буудайдан, жүгөрүдөн, эгинден машинага айдаганга күйүүчү майларды иштетип атат. Ошон үчүн муну караш керек. Эми Орусия менен Казакстанда эгиндин экспортуна чек коюп атышат. Бул маселелер абдан татаал маселеге айланып кетти. Ошондуктан атайын бир жакшы тез арада программа түзүлүп чыгыш керек. Дыйкандарга эмне керек? Акча каражат керек, ошого жардам бериш керек.

-Азык-түлүк кризисинен тышкары кыш айларында Кыргызстанда Тажикстандагыдай оор абал түзүлүшү мүмкүндүгү айтылып атат. Мындай кооптонуу канчалык жүйөлүү деп ойлойсуз?

- Менин оюмча, Тажикстандагы кризис абдан чоң жамандык алып келди элге. Биз деле эптеп-септеп өттүк ушул кризистен. Дагы ырахмат, биздин ата-бабаларыбыз Токтогул ГЭСин куруп коюптур. Эми энергетикага өзгөчө көз караш керек. Себеби бизде бир топ маселелер чечилбей жатат. Маселен Каракече көмүр бассейни. Көмүрдү элге жеткириш керек. Көмүрдү эч качан унутпаш керек. Бул биринчи маселе. Экинчи маселе Токтогул суу сактагычында суу азыраак болуп атат. Бишкек жана Ош ТЭЦинде электр энергияны иштетип чыккан генераторлор бар. Ушулардын кубаттуулугун көтөрүп жакшы пайдаланыш керек.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

Маектешкен Мээрим Султангазы

XS
SM
MD
LG