Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

17:40 ОШ: ЮНЕСКОнун каршылыгына карабастан Сулайман тоого асма көпүрө курулат


Бул туурасында Ош шаар мэри Жумадыл Исаков «Азаттыкка» маалымдап, тоону карай асма жол куруу үчүн «Сателлит» фирмасына жер аянты бөлүп берилгендигин, курулуш жакында башталаарын, ЮНЕСКОнун тизмесине тарыхый жайдын кошулуусуна аркан жол кесепетин тийгизбей тургандыгын билдирди. Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын тарых институтунун кызматкери Бакыт Аманбаева Оштогу Сулайман тоо жалпы адамзатка тиешелүү дүйнөлүк баалуулук катары эсептелээрин, эгерде анын үстүнө асма жол курулса, уникалдуу жай бузулуп, бара-бара талкаланаарын эскертти. (АТо)

XS
SM
MD
LG