Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:38

8:35 Укук коргоочу Назгүл Турдубекова АКШдан келди


Кыргызстандагы АКШ элчилигинин демилгеси менен “Ачык дүйнө” программасынын алкагында Колорадо штатында бейөкмөт уюмдардын беш өкүлү жана прокуратура, сот кызматкерлери бир жума болуп, жарандык коомдордун, прокуратура, полиция, соттордун иштери менен жакындан таанышып келишти. Укук коргоочу Назгүл Турдубекованын айтымында, АКШнын сот, укук коргоо органдары биринчи кезекте мыйзамдын алкагында адамдардын укугунун сакталышына басым жасап, мыйзамдуулуктун сакталышына катуу көзөмөл жүргүзүшөт. “Ал эми АКШ бийлиги жарандык коомдорду оппозиция катары эмес, шериктеш катары кабыл алып, бюджеттик, мамлекеттик каражаттардын жумшалганы тууралуу маалыматтарды коомчулукка ачык-айкын жарыялап, отчет берип турат экен. Биздин кыргыз бийлиги, укук коргоо органдары жана жарандык коомдор АКШдан көп нерселерди үйрөнүүсү зарыл”, - дейт Турдубекова. (AJ)

XS
SM
MD
LG