Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков бүгүн билдирди. Анын айтымында, комиссиянын мүчөлөрү жакынкы күндөрү АКШнын Невада штатына барып, ал жердеги “Центерра голд инк” компаниясына таандык деп эсептелген алтын кен менен таанышып келет. Белгилүү болгондой “Кумтөр” боюнча жаңы өкмөттүк комиссияны өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкибеков жетектейт. Комиссия Кумтөр кени боюнча буга чейин жетишилген келишимдердин, берилген лицензиялардын мыйзамдуулугун текшерүүдө.(AiT)