Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

КАНТТАГЫ ЦЕМЕНТ ЗАВОДУНУН АКЦИЯЛАРЫН КИМ САТЫП АЛДЫ?


Өткөн жылдын аягынан тарта Кипр Республикасында каттоодон өткөн “Starwheel Limited” компаниясы Канттагы цемент заводунун акцияларын сатып алууну баштап, 27-мартта ишкананын 90% ашуун акциясына ээ болгону жарыяланды. Кыргыз фондулук биржасында Канттагы цемент заводунун 1 акциянын баасы 164 сомго чыкты. 2002-жылы 5 миллион долларга бааланган Кант цемент-шифер комбинаты мурдагы президент А.Акаевдин тушунда 1,7 миллион долларга сатылган.

Канттагы цемент-шифер комбинаты 1964-жылы ишке киргизилген. Өткөн жылдын ноябрында комбинат “Кант цемент заводу” жана “Кант шифер өндүрүшү” деп экиге бөлүнгөн. Ага чейин 2002-жылы Кыргызстандагы үзгүлтүксүз иштеген кирешелүү ишканага мурдагы президент А.Акаевдин күйөө баласынын көзү түшүп, бери дегенде 5 миллион долларга бааланган завод казакстандык ишкерлерге 1,7 миллион долларга стаылып кеткен.

2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин цемент-шифер комбинатынын 13% акциясын сатуу-алууга Башкы прокуратура тарабынан тыюу салынып, бирок ага карабастан эле баалуу кагаздар кайсы бир таасирдүү күчтөрдүн көмөгү менен башка колго өтүп кеткени айтылып-айтылып тим болду.

Иштин чоо-жайын өткөн чакырылыштагы парламент Канттагы цемент-шифер комбинатынын айланасындагы маселелерди иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Иса Өмүркулов мындайча түшүндүрөт:


- Заводдун акциялары Башкы прокуратуранын тыюу салуусyнда турганына карабай Данияр Үсөновдун тушунда сатылып кеткен. Ушунун баарын мыйзамсыз деп таап, мен жетектеген депутаттык комиссия Жогорку Кеңештин пленардык отурумуна алып чыгып, ушуга кескин түрдө чара көрүү жөнүндө өкмөткө тапшырылган. Ошол Ф.Куловдун өкмөтү болчу. Алар эч кандай чара көрүшкөн жок. Анан ошол Ф.Кулов өзү баш болуп комбинатты коргоп чыгышкан.

Цемент заводунун акцияларына ээлик кылган мурдагы “Каспий мейкиндери” компаниясынан башкарууну алган азыркы “Starwheel Limited” компаниясы тууралуу маалымат жок дээрлик. Быйыл жыл башында Кипрден каттоодон өткөн жаңы компания Кыргыз фондулук биржасында Кант цемент заводунун акцияларын сатып ала баштагандыгы гана кабарланган.

Жыйынтыгы март айынын аягында чыгарылып, ишкананын 90% ашуун акцияларына ээ жаңы компаниянын аты гана аталды. Бул иште ага көмөк көрсөткөн “Казинвест” ортомчул компаниянын жооптуу кызматкери коммерциялык сыр катары жашырын калчу маалыматты айта албастыгын билдирүү менен чектелди.

- Мен аны айталбайм. Коммерциялык сырды жарыя айтканга менин акым жок.

Жаңы компания кайдан келгени, кайсы өлкөдө иш жүргүзгөнү жөнүндө таптакыр кабары жок экендигин Кыргыз фондулук биржасынын жетекчиси Нурбек Элебаев да айтып, бирок да анын Казакстандагы цемент заводдорунда тиешелүү үлүштөрү бар экендигин ырастады:

- Менин оюмча, бул компаниянын Казакстандагы башка цемент заводдорунда үлүшү, акциялары бар экен.

Парламент депутаты Иса Өмүркулов жаңы компания цемент заводуна ээлик кылган казакстандык ишкерлер тарабынан түзүлүшү деле ыктымал деген оюн ортого салды:

- Булар азыр улам жаңы сөз чыгарып жатышат. Улам жаңы фирма ачып, өздөрү бир колдон экинчисине өткөрүп жатышат. Мыйзамсыз жол менен менчиктештирилген изди жабалы деген максаты да. Анан эми азыр ал кандай фирма деген анча деле маанилүү эмес. Кеп фирмада эмес. Кептин баары мыйзамсыз менчиктештирилгендин изин жабууда. Андан эч нерсе өзгөрбөйт. Бул фирма дейт, тигил фирма дейт. Ал жердеги көп ташып жеткирүүчүлөр офшордук зонада катталган.

Ушу тапта цемент баасы кескин көтөрүлүп, завод чыгарган 400-маркадагы цементтин бир тоннасынын баасы 3850 сомго чыгууда. Базардагы баасы 6 миң сомдон өтүп, эртеңден баштап дагы көтөрүлгөнү турат. Ал эми бир шифердин комбинаттагы баасы 166 сом болсо, ошол эле Канттын өзүндө 200 сом, Бишкекте андан да кымбат, жер-жерлерге жеткиче канча сомго чыгарын угармандар өздөрү талдап алышсын.

Эки жылдан бери Кызылкыядагы цемент заводунун курулушу тууралуу кеп болуп, ошол эле өкмөттүн ортодогу оюнунан улам анын качан ишке кирери эмдигиче бүдөмүк.

Цемент заводунун 90% акциясы 1,54 миллиард сомго бааланып, ишкана ээси катары башка компаниянын аты атала баштады. Кыргыз фондулук биржасы түзүлгөндөн бери мынчалык ири суммадагы баалуу кагаз соода базары болбогону айтылууда. 2002- жылы арзанбаа сатылып кеткен ишкана бул ирет кимдердин колуна өткөнү коммерциялык сыр катары жашырылып ээси ким же кимдер экени азырынча белгисиз.

Сүрөт delo.to.kg интернет баракчасынан алынды.

XS
SM
MD
LG