Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

КЫРГЫЗГА КАСТЫК КЫЛГАНДАРДЫН БАШЫНДА КИМ ТУРАТ?


“Алиби” (http://presskg.com) гезити айтылуу журналист, Ыйык Семетей дин жарчысы Жаныбек Жанызактын “Кыргызга душман керекпи?” деген макаласын жарыялады. Макаласынын бир жеринде ал “Кыргызстанды башкарып, өз элине тикелей кастык кылган социалдык инженерлердин ана башында Абдыкерим Орозбаков туруптур, а киши өзбек Ахунбабаевге Шахимардандай жерибизди карта ойноп атып уттуруп коюптур. Анан эле Акаев Үзөңгү-Куушту кайсы жыргалына жумшаганын билбейт экемин, эми минтип Бакиевдин тушунда Каркыра менен пансионаттардын чуусу чыгууда. Мен кыргызды башка тилде сыйынууга мыйзам чегинде мажбурлоо аракетин жасап жаткандарды кыргыз насилине тикелей кастык кылып жаткан социалдык инженерлер деп эсептеймин” деп жазды. Жаныбек Жанызактын ушуга жанаша дагы бир “Кыргыз жүүтпү же еврейби?” деп аталган дилетант-бүтүмү да жарык көрдү.

Таалим–тарбиянын тизгинин стихиянын колуна карматып койгон мамлекет коомдогу башаламандыкка жол ачат, эгемендүү кыргыз мамлекетинин таалим-тарбия доктринасы жок, Кыргызстандын билим берүү концепциялары негизинен космополитти окутуп, тарбиялоого эсептелгенби, глобалдашуунун чабуулунан Россия державасынын пайдубалы солкулдап жатса алакандай Кыргызстандын абалы кантти, эларалык геосясый күчтөрдүн, массалык маданияттын тымызын бүлүндүрүүчү иш-аракеттери жана кыргыз коомунун таалим-тарбиясындагы башы жок бака, көзү жок көгөн, эне тили-улуттун жүрөгү, эгер бул жүрөк токтосо, улут өзүнүн жашоосун токтотот, океандай "Манас", улуттук музыка жана элдик оюндар тарбиянын соолбос булагы. Кыргыз Билим берүү Академиясынын вице-президенти, профессор Советбек Байгазиевдин мына ушундай темалардан турган “Эгемендүү кыргыз мамлекетине кандай тарбия стратегиясы керек?” деген көлөмдүү макаласы да окурмандарга сунуш кылынды.

Ушул эле гезит “Деги канча маскаңыз бар, Эшимканов мырза?” деп аталган катты басты. Каттын ээси адвокат Автандил Сакыбаев аттуу адам экен. Айрым жеринен үзүндү келтирели. “Урматтуу Мелис Асаналиевич, сиз убагында оппозициянын көч башында туруп, президент Бакиев жана анын тегерегиндегилерге курч сөздөр менен ачуу фактыларды айтып, катуу сындап келгенсиз. Мисалы, Жалалабат банкынын тонолушун абдан кенен факты менен элге жайдыңыз, Бакиевдин уулу Максим Манас аэропортунун учуу тилкесинен Интерполдо издөөдө жүргөн Березовский менен жашыруун жолугуп, экөө Ысыккөлгө учуп кетти дедиңиз. Бир тууган генерал Коңгантиевдер криминалдар менен чаламандын чак түшүндө кафелерде чогуу жүрөт деп айткан элеңиз. УТРКда өзгөрүү болбосо коомчулукта эч кандай өзгөрүү болбойт, а сиз болсо эл алдында президентти аябай уятка калтырып атасыз, себеби УТРКда эч кандай өзгөрүү жок. Экс-саясатчы, экс-депутат катары айтыңызчы? Азыркы депутаттар легитимдүүбү? Эмне үчүн ушул күнгө чейин шайлоонун жыйынтыгы жок”?” деп суроо коет УТРК деректиринин милдетин аткаруучу Мелис Эшимкановго жазган катында.

“Дело №...” гезити (http//deio.ktnet.kg) Бишкектин “Царское село” деп аталган чөлкөмүндө 21-март күнү бир үйдүн ити таңата таятасыныкына бараткан Мырза аттуу 9 жаштагы баланы талап өлтүрүп салганын, иттин ээси Бишкек экономикалык жана ишкердүүлүк университетинин ректору, шаардык кеңештин депутаты Төлөбек Камчыбеков экенин кенен кеп кылды. Ушул эле гезит 2006- жылкы жер титирөөдөн кийин Нарын облусуна курулган 7 мектептин бирөө да балдар окуганга жараксыз болуп чыкканын, алардын курулушуна жетекчиликти ошо кезде КР архитектура жана курулуш агенттигинин башында турган Ишенбай Кадырбеков жүргүзгөнүн, баарын өзү башкарып, баарын өзү чечип, эчким менен эсептешпегенин, маселен Кочкордогу ушундай мектептин бирине эле 72, 8 миллион сом жумшалганын, ал эми адистердин айтуусунда 40 миллион сомго мыкты мектеп курса болорун, ошентип бир эле Кочкор району боюнча 190 миллион сом чачылганын белгилеп, окуганга жараксыз мектептерди эч кандай мамлекеттик кабыл алуусуз тапшырып кете бергенин өз көзү менен көргөн министр И.Болжурова президент К.Бакиевге кайрылганын, президент Улуттук коопсуздук кызматына тапшырганын, акыры ал боюнча кылмыш иши козголгонун жазды.

“Дело №...” ошондой эле Бишкекетеги квартира бааларына атайын макала арнаган. Маселен Бишкектеги 1 бөлмөлүү квартира баасы, борбордогулары-40 миңден 50 миң долларга чейин, түштүк кичирайондогулары-40 миңден 42 миңге чейин, Аламүдүн-1дегилери-28 миңден 32 миңге чейин жана башка.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG