Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:46

ЧУДИНОВ 100 КҮНДӨ “ЧУДО” ЖАРАТА АЛБАЙТ


2-апрелде Игорь Чудиновдун премьер-министр --> http://azattyk.kg/rubrics/politics/ky/2007/12/C92F66F6-1368-41A6-869A-9268351CC8C7.asp кызматына дайындалганына жүз күн болду. Бул күнү өкмөт башчы өкмөттүн азыркы кезде жасап жаткан иштери жана энергетика тармагындагы саясаты тууралуу журналисттер менен ой бөлүштү. Саясатчылар жаңы өкмөт башчынын жүз күндөгү ишине кандай баа берет?

Өткөн жылы 16-декабрда болгон парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен “Ак жол” партиясы өкмөт башчылыкка Игорь Чудиновдун талапкерлигин көрсөткөн. Парламенттеги добуш берүүдөн кийин президент өз жардыгы менен 24-декабрда Чудиновду өкмөт башчылыкка дайындаган.

Премьер-министрлик кызматта жүз күндүгүн белгилеп жаткан Игорь Чудиновдун 2-апрелдеги билдирүүсүнө караганда, ал күндөлүк жана стратегиялык проблемалардын үстүндө иштөөдө. Күндөлүк иштерде өкмөт жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта өткөрүүгө аракеттенүүдө. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн мамлекеттин кампасына 72 мин тонна буудай сакталды. Дагы кошумча 20 миң тонна алынуу алдында турат.

Айыл чарбасында кайра иштетүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, бул үчүн жаңы Салык кодексинде кайра иштетүү тармагына олуттуу жеңилдиктер берүү караштырылууда. Ошондой эле “Кооперация жөнүндө” мыйзам долбоору даярдалып, анда ирилешкен чарбаларга колдоо көрсөтүү жагы чечилмекчи.
Ал эми энергетика тармагы тууралуу Чудинов буларды белгиледи:

-Быйылкы жылы энергетика тармагында тариф 12% көтөрүлөт. Бишкекте жылуулукка баа 20% көтөрүлөт. Учурда Бишкек ТЭЦин ремонтоо үчүн эле 1 миллиард 700 миллион сом керек. Тарифтердин көтөрүлүшүнө ушул да таасирин тийгизүүдө. Андан сырткары тарифтердин көтөрүүнүн беш жылдык программасы түзүлүүдө. Ал программа энергетика тармагына келе турган инвесторлор үчүн да, эл үчүн да керек. Анткени баары азыртан ачык болгону жакшы.

Өлкөдөгү саясатчылар Чудиновдун жетегинде жүз күндөн бери иштеп келаткан өкмөткө кандай баа берет?

«Туран» партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев өкмөт ага жүктөлгөн милдеттерди аткара албай жатканын белгиледи:

-Бул өкмөткө энергетика, социалдык тармакты реформалоону аяктоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жүктөлгөн. Азырынча бул иштер идеологиялык жагынан айтылганы болбосо, бүгүнкү күндө чечкиндүү түрдө чара көргөн өкмөттү көргөн жокмун.

Сарпашевдин пикиринде, президенттин сынынан кийин өкмөттүн курамында өзгөрүүлөр болушу ыктымал.

Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев Чудиновдун аракеттенип жатканын белгилеп, бирок бул өкмөт өлкөнү кризисттик абалдан чыгарууга кудуретсиз деп эсептейт:

-Булар менчиктештирүү жолу менен чыгабыз деп жатышат. Бирок бул жол менен чыгууга кудурети жетпейт. Менимче бул өкмөт да кетет. Кийинкиси келет. Андан кийин келген үчүнчүсү иштеп калышы мүмкүн. Ал эми Игорь Чудинов башкарган өкмөт ийгиликке жетет деген ишеним менде жок.

Оппозициялык «Акыйкат үчүн» кыймылдын лидерлеринин бири Темир Сариев болсо Чудиновдун өкмөтүнүн ишине мындай баасын берди:

-Бүгүнкү күндө бул өкмөттүн жүз күндөгү ишине баа бериш оңой нерсе эмес. Анткени экономикада оорчулуктар чыгууда. Дүйнөлүк, анын ичинде Казакстандагы финансылык кризистин залакасы бизге тийип жатат. Бирок жаңы өкмөт түзүлгөндөн кийин ага толук мүмкүнчүлүк берилген. Анткени мурунку өкмөттөр парламент жактан көп колдоо таппаса, бул өкмөт парламентте көпчүлүктү түзгөн фракциянын өкмөтү болуп эсептелет. Чоң реформаларды баштап, аларды турмушка ашырууга эч нерсе тоскоол болбош керек эле. Тилекке каршы андай болгон жок.

Социал-демократиялык партиянын лидерлеринин бири Иса Өмүркулов азыркы өкмөттүн чамасы чакталуу экенин, Курманбек Бакиев Германияда болгон учурунда аткаруу бийлигин президенттик администрация башкаргандай эле, президент өзү өкмөттү башкарыш керек деген пикирин билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG