Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

КАЗАКСТАНДА КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ГЕЗИТТИН КЕҢСЕСИ АТКЫЛАНДЫ


Казакстанда көз карандысыз "Тас жарган" же "Таш жарган" гезитинин терезесине ким ок атканын иликтөө башталды. Бул гезит өкмөт өкүлдөрүнүн кыңыр иштери тууралуу такай жазып келгендиги менен таанымал. Гезиттин ээси иликтөөнүн жыйынтыгында баары бир "телибай тентектерди" күнөөлөө менен аяктайт деп шектенүүдө.

1-апрелде ишке келгенде "Таш жарган" гезитинин кызматкерлери алардын терезесинин айнегин эки ок жарып өткөнүнө күбө болушту. "Бизди эскертип жатышат",- деп мүнөздөдү эки тешикти гезиттин баш редактору Эрмурат Бапи. Азаттыкка ал буларды билдирди:

- Биз коррупция сыяктуу өкмөттөгү чатак иштер тууралуу көп жазабыз. Биз ошондой эле Жогорку Соттун кызматкерлери, президент Назарбаевдин экинчи күйөө баласы Тимур Күлүбаев, президенттик администрация башчысы Болот Өтемиров жана башка көптөгөн атка минерлер жана алардын жакындары тууралуу жазганбыз. Айтып отурсам, убакыт да жетпейт.



Ошол эле мезгилде баш редактор "Таш жаргандын" кеңсесин атууга атка минерлер түздөн-түз аралашты деп эсептебейт:

- Бул мамлекет тарабынан бизди коркутуу үчүн атайын уюштурулду деп айта албайбыз. Анткени кантсе да Казакстан өзүн демократиялык реформаларды колдогон мамлекет катары көрсөтүп, тийиштүү мыйзам, эрежелерди кабыл алып жатат. Бийликтегилерден кимдир бирөө буга кызыкдар деп ойлобойбуз. Бирок терезени эки ок менен атканды биздин журналисттерге эскертүү деп баалайбыз.

Тартип коргоочулар эки октун бирин табышты, бирок ким ок ачканы тууралуу божомол жасаша элек. Бапи "бул бейбаштык эмес" деп айтканга шашылды, себеби адатта оппозиция өкүлдөрүнө же көз карандысыз маалымат каражаттарына каршы кылмыштар "телибай тентектерге" шылтоо менен бүтөт.



Казакстанда көз карандысыз, иликтөөчү журналисттердин абалы жеңил эмес экендиги маалым. Мисалы "Таш жаргандын" терезеси атылган күнү көз карандысыз интернет сайттар эс-учуна келбей жаткан журналист Бактыжан Мукушевдин көз жумганын кабарлашты. Бул көз карандысыз журналистти бир нече ай мурда машина коюп кеткен эле. Казакстанда ошентип, машина коюп кеткен 5-6 журналисттин тизмеси дагы бири менен толукталды.

Ал эми "Таш жарган" гезитинин баш редактору Эрмурат Бапи коркутуп-үркүтүүгө көнүп деле калган. Акыркы 10 жылда бир нече көз карандысыз гезит чыгарган журналист "өлтүрөбүз" дегендерден эскертүүлөрдү такай алып келет.

Ал ошондой эле 2003-жылы "жалган документ жасаткан", "салык төлөөдөн качкан" деген кине менен соттолуп, шарттуу кесилген. Бирок ага 2009-жылга чейин өз кесибинде иштөөгө тыюу салынган, ошол себептен "Таш жарган" гезитинде, "баш редактор" деген жерде Эрмурат Бапинин ысмынын тушунда "гезиттин башкы окурманы" деп жазылып турат.

Сүрөттөр zonakz.net интернет баракчасынан алынды.
XS
SM
MD
LG