Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:39

КАМБАРАТА ГЭСинин КУРУЛУШУ КҮЧ АЛДЫ


Акан Иманов, Бишкек Үстүбүздөгү жылдын жаңырышы менен Камбарата-2 ГЭСинде иш козголуп, азыркы тапта курулуш жүрүүдө. Өкмөт тарабынан бул ишке азырынча 600 млн сом бөлүнгөн болсо, анын 146 миллионуна жумуш жасалып бүткөн. Суу сактагычтын курулушу, анын мааниси, кубаттуулугу канчалык? Жумушчулардын маянасы жана каржылоо маселеси кандай чечилип жатат?

1986-жылы башталган Камбарата-2 суу сактагычынын курулушу 1992-жылга чейин жүрүп, андан кийинки 15 жылда иш токтоп калган. Бул ГЭС 360 миң киловатт саат кубаттуулукка эсептелип, абдан ири болбогону менен стратегиялык мааниси абдан жогору. Себеби Токтогул ГЭСине сууну топтоодо бул жаңы суу сактагыч негизги ролду ойномокчу.

Камбарата ГЭСи үчүн Нарын дарыясынын кууш жери тандалып алынган. Куруучулар анын бир жак бетиндеги тоодон узундугу 600 метр болгон 3 тунел казып даярдашкан. Дал ушул жертөлөлөрдүн оозуна платина курулуп бүткөн соң, генераторлор коюлуп, электр жарыгын чыгарууга киришет. Бул 2009-жылдын 22-декабрында ишке ашары белгиленүүдө. Курулуш аяктаганда станциядагы 3 тунель, энергетиктердин тили менен айтканда, 3 агрегаттын ар бири 120 мегаватт кубаттулука ээ болмокчу.

Бүгүнкү күндө ГЭСтин суу топтоочу жана кое берүүчү бөлүгүнө бир жарым миң куб бетон куюлган. Бул ишти аткарууда жакын жерде орун алган жаңы бетон заводунун салымы чоң экендигин “Нарынгидроэнергострой” акционердик коомунун башкы директору Алберт Авазбеков билдирди:

-Биз бул жаңы бетон заводду декабрь айында алып, мына үч ай өтпөй ишке киргиздик. Бизге “эмне үчүн Кытайдын техникасын алып жатасыңар?” деп көп суроолор берилди. Бул Казакстан менен Кыргызстанда коюлган 12-завод. Алар беш жылдан бери эч кынтыксыз иштөөдө.

Бүгүнкү күндө ГЭСтин курулушунда механиктер, ширетүүчүлөр, жыгач усталар, бетон куючулар, кранщиктер жана айдоочулар болуп жалпысынан 500 адам эмгектенүүдө. Алардын айлык акыларынын эң төмөнү төрт жарым миң сомду түзөт.

Ал эми 5-6 разряддагы монтажник, ширетүүчү жана жер алдындагы иштер боюнча адистер курулуш ишинде жетишсиз. Бул кесиптин ээлери Кыргызстанда бар болгону менен, алар коңшу мамлекеттерде атайын келишимдин негизинде эмгектенишүүдө:

-Атым Жоомарт. Механик болуп иштейм. Жаңы жылдан бери иш жакшы жүрүүдө. Февраль айында 6000 сом айлык алдым. Эки механик иштегенибиз менен жетишпей жатабыз, дагы экөө болсо жакшы болмок.

Камбарата-2 ГЭСинде эмгектенгендердин январь айындагы айлык акысынын фонду 2 млн сомду түзсө, февраль айында 2.5 млн сомго көтөрүлгөн, бул ар бир жумушчуга орточо 5 миң сом берилет дегенди билдирет. Эмгек акыларынын төмөн болуп жаткандыгын жашырбаган жумушчулар, жакында көтөрүлөт деп үмүттөнүшүүдө. Эмгек жолунда төртүнчү ГЭСтин курулушунда иштеп жаткан Заманбек Эшимканов:

-28 жылдан бери ушул тармакта эмгектенем. Күрпүсай, Ташкөмүр, Шамалдысай ГЭСтеринин курулушуна катышып, эми Камбаратада эмгектенүүдөмүн. Күнүнө 11 саат иштейбиз. Айлык акы орточо 3-5 миң сомдү түзүүдө. Чындай келсең бул акча эмнеге жетмек эле... Жакында көбөйөт деп айтышууда. Көрөбүз го.

Токтогул ГЭСнин платинасынын бийиктиги 215 метрди түзүп, 1200 МегаВатт кубаттуулука ээ болсо, Камбарата дубалынын бийиктиги 80 метрдин тегереги болуп, 360 Мегаваттка жетмекчи.

ГЭСти ишке киргизүү үчүн жумшала турган 5 млрд сомдун 60 пайызы жер астындагы иштерге сарпталмакчы. “Кыргызгидресурс” ишканасынын 42 жумушчусу узундугу 530 метр болгон тунелди ишке киргизүүнүн үстүндө эмгектенүүдө. Аталган курулуш участогунун жетекчиси Бакыт Соронов:

-Биз бул тунелде арматура монтаждоо иштерин жүргүзүүдөбүз. Авариялык кырдаалда суу ушул чоң түтүктөр менен түз агып чыгып, Токтогул суу сактагычына куят. Баары ойдогудай болсо, келээрки жылдын жай айларында иш аягына чыгат.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында алгачкы чоң масштабдагы курулуш атына конгон Камбарата-2 ГЭСине бүгүнкү күнгө чейин өкмөт тарабынан 600 млн сом бөлүнгөн. Отун-энергетика министри Сапарбек Балкыбеков:

-Республикалык казынадан өткөн жылдын ноябрында 300 млн сом бөлүнгөн эле, мына жакында эле дагы 300 млн сом келди. Мындан тышкары “Электростанция” акционердик коому курулушту каржылоо максатында, өз үлүшүн кошуп акчаларды которо баштады. Финансылык жактан азырынча эч кыйынчылык жок.

Камбарата ГЭСде бетон куюу, арматураларды мантаждоо менен тунел ичтерин оңдоо иштери жүрүүдө. Өкмөт убада кылган каражат өз убагында бөлүнүп, ал акчалар сол чөнтөкө солонбосо эле, ГЭСтин курулушу жүрүп турмакчы.

Сүрөт stan.tv интернет баракчасынан алынды.

XS
SM
MD
LG