Бүгүн кыргыз президенти Курманбек Бакиев Билим берүү жана Илим министри Ишенгүл Болжурованы кабыл алды. Жолугушууда негизги көңүл мектеп окуучуларын окуу китептери менен камсыздоо жана жаңы мектептерди курууга байланышкан маселелерге бурулду, деп кабарлайт президенттин маалымат кызматы. Министр Болжурованын айтымында, мектеп окуучуларын толугу менен китеп менен камсыздоого дагы 4 миллиондой китеп талап кылынат. Президент болсо кыргызча китептерди басууга кошумча 100 млн.сом бөлүү тапшырмасы өкмөткө берилгенин айтып, аны ишке ашырууга министр өзү көз салып турушу зарыл экенин айтты. Китептер менен, эң оболу, алыскы райондордо жайгашкан мектептер камсыз болушу шарт экени белгиленди.(TD)