Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:52

15:25 Үмүтсүз карыздарды кечүү тууралуу мыйзам кабыл алынды


Бул карыздардын ичинде энергетикага болгон 3 млдр сом да бардыгын белгилеген Социал-демократтар жана коммунисттер буга каршы чыгышты. Коммунисттер фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиевдин айтуусунда 3 млрд сом карыз мамлекеттик бюджетке киргизилген, бул каражаттан мугалимдер менен дарыгерлерге айлык акы берилиши керек. Ошондуктан, карызды кечип жиберүүгө болбойт. Ал эми айрым депутаттар, негизинен “Акжол” фракциясынын депутаттары бул карыз мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүндө жок жерден асылып жүргөндүгүн айтып, андан кутулуу керек, деген пикирлерин айтышты. Добушка салуу учурунда мыйзам долбоору тиешелүү добушка ээ боло алган жок, буга макул болбогон вице-төрайым Чолпон Баекова командировкага кеткен депутаттардын да добушун кошо эсептөөнү талап кылды. Буга айрым депутаттар каршы чыгып, вице-төрайым Чолпон Баекованы регламентти сактоого чакырышты. Аягында командировкага кеткен жана отурумга катышпаган 11 депутаттын жазуу жүзүндө берген ишеним каттарындагы добуштарын кошумчалоо менен мыйзам кабыл алынды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG