Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

18:04 Жалалабат шаарынын мурдагы мэри маалымат жыйынын өткөрдү


Бүгүн Дүйшөн Мамасалиев Жалалабат шаар мэри кызматында 2 жыл тургандыгына байланыштуу маалымат жыйынын өткөрдү. Мурдагы мэр социалдык-маданий курулуштар жүрүп жатканын белгилеп, 1-кварталда пландан ашыкча 2 миллион сом салык чогултулганын, бирок электр кубатын иштеп чыгаруу кыйындаган чакта 90-жылдары башталган троллейбус линиясын бүтүрүүгө мүмкүн эместигин билдирди. Журналисттер менен элдин айтымында, шаарда тазаланбаган жайлар арбын. Жолкиресин кымбаттатып алган менчик таксилерге көзөмөл жок, Достук, Дача кичи райондорунда суу чыкпайт. Митинг өткөрүү жайы шаар сыртына белгиленгени адам укугун бузуу менен барабар, балдардын билим берүү борборунун имараты талашка түшүп, шаардык прокуратурага берилип калган. Шаар башчы митинг жайларын аныктоодо жана билим борборун которууда шаар кеңеш сессиясынын токтомдорун колдоорун айтты. (YA)

XS
SM
MD
LG