Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

КЫТАЙДА УКУК КОРГООЧУ ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ


Кытайда өлкөдөгү эң белгилүү укук коргоочуларынын бири бүгүн (3-апрелде) "мамлекеттик бийликти кулатууга үгүттөгөн" деген кине менен 3 жарым жылга эркинен ажыратылды. Тибеттеги --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/03/04C812D6-18B7-4346-9379-CE4FB1DA94E2.asp демонстрациялар күч менен басылгандан бир ай өтө электе чыгарылган бул бүтүм Кытай бийликтеринин августтагы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө укук алганда адам укуктарын жакшыртууга берген убадасына карабастан, ички саясатын улам катаалдантып жаткандыгын айгинелейт. Анын аралыгында, дүйнөнү кыдырып жүргөн Олимпиада отунун жолунда Кытайга каршы нааразылык акциялары дагы көбөйүп, Бээжин бийликтерине кысым күч алат деп болжолдонууда.

34 жаштагы Ху Жиа элеттеги ВИЧтен жапа тарткандардын укугун талашуудан баштаган. Бара-бара ал демократиялык укуктарды, диний эркиндиктерди жана Тибеттин өз тагдырын өзү аныктоо укугун коргоого көбүрөөк тартыла баштаган.

Анын Бейжин соту тарабынан кесилиши бүт дүйнөдө "Олимпиада оюндарынын алдында Кытай саясий оппоненттерине карата турумун катаалданта баштады" деген ишенимди күч алдырууда.

Ху Жианын адвокаты Ли Фаң Киң бул иш мындан бир нече жыл мурда орун алган окуяларга байланыштуу экендигин мындайча билдирди:

-Ага 2006-жылдын май айынан 2007-жылдын октябрына чейинки мезгилде беш макалада жана 2 маекте билдирген көз караштарына байланыштуу айып коюлду. Бул билдирүүлөр биринчи жолу 2001-жылы жасалган, ал эми иликтөө 2006-жылдын августунда башталган. Биз ушуга басым жасап жатабыз. Мындан тышкары, ал кезде бул билдирүүлөр ачыкка чыгарылган эмес болчу.

Эл аралык укук коргоочу Хьюман Райтс Уотч уюму Ассошэйтед Пресс агенттигине "Олимпиада оюндары болбогондо, Ху Жиа түрмөгө отургузулмак эмес экендигин, анын кесилиши башкаларды ооз басты кылуу аракети деп эсептээрин билдирди.

Бейжин сотунун чечим чыгарып жатканда, соттун сыртында Ху Жианын колдоочулары, чет элдик дипломаттар, кабарчылар чогулуп турушту. Өз атын атоону каалабаган бирөө Ху Жианын күнөөсү жок деп ырастады:

-Мен Ху Жианын үстүнөн сот өкүмү бүгүн чыгат экен деп угуп, аны колдош үчүн келдим. Ху Жиа эч кандай кылмыш кылган жок, биз баарыбыз аны колдойбуз.

Кытай "бул окуялардын Олимпиада оюндарына тийешеси жок" деп ырастоодо. Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Жиаң Ю "Ху Жианын иши мыйзамдын чегинде каралып жатат, бул оюндар үчүн мыйзамдын үстөмдүгүн өзгөртүүгө болбойт", - деп ырастады.

Өткөн айда Олимпиада оюндарында адам укуктарына артыкчылык берүүгө чакырган дагы бир укук коргоочу Йаң Чулин да "мамлекеттик бийликке коркунуч келтирди" деген айып менен камалган эле.

Эл аралык Олимпиада комитети Кытайга 2008-жылы оюндарды өткөрүү укугун ыйгарган 2001-жылы Бээжин бийликтери "адам укуктарын жакшыртабыз" деп убада кылган.

Азыр эми Эл аралык Олимпиада комитетине "Кытай убадасынын өтөөсүнө чыкпай жатат" деген кине коюлууда.

Эл аралык Мунапыс уюмунун аймактык эксперти Марк Аллисондун сөзү боюнча, Олимпиада комитетинин жана дүйнө лидерлеринин унчукпай жатышы Кытайдагы укук бузууларды билмексенге салууга тете болмокчу.

Бирок Олимпиада комитети кандай аракет көрсө да, же эч кандай аракет көрбөсө да, дүйнөнүн булуң-бурчунда укук коргоочулар унчукпай калууга ниеттүү эмес.

Олимпиада оту Жер шарын кыдырып жатканда, анын жолунда ар кыл нааразылык акциялары пландалып жатат.

Барган сайын Кытайдагы Олимпиада оюндарын, же жок дегенде, анын ачылыш салтанатын бойкоттоого чакыруулар күч алууда. Айрым спортчулар бул чакырыктарга муюп, оюндан баш тартууну ойлонуп жаткан кез.

Минте берсе, Кытайдын дүйнөдөгү эң маанилүү спорт оюндары аркылуу өз кадырын көтөрүү үмүтү таш каап калышы да ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG