Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:45

7:23 Элдик курултайда төрт темада доклад окулат


“Акыйкат үчүн” коомдук кыймылынын координациялык кеңешинин 3-апрелдеги жыйынында Элдик курултайды өткөрүүгө даярдыктардын жүрүшү талкууланды. Ошондой эле 12-апрелде болуучу Элдик курултайда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев - саясий кырдаал, аталган кыймылдын лидери Темир Сариев - экономикалык абал жана көйгөйлөр, Коомдук парламенттин тең төрагасы Абдыганы Эркебаев – парламент тууралуу, “Акыйкат үчүн” кыймылдын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов – адеп-ахлак боюнча доклад окушат. Маалыматка караганда курултайга өлкө аймагынан бир жарым миң делегат келиши күтүлүүдө. Аны өткөрүүгө шаар бийлиги азырынча имарат бере элек. “Эгерде спорт ордосун беришпесе курултайды ачык асман алдында Горькийдин эстелигинин жанында деле өткөрөбүз” дейт Жекшенкулов. (AJ)

XS
SM
MD
LG